Р.Отунбаева залкар манасчы Жусуп Мамай менен жолугушуп, 95 жаш маракеси менен куттуктады

July 3, 2012, 06:00

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева 27-июндан 30-июнга чейин Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу Кыргыз автономиялык облусунда сапарда болуп кайтты. 

Сапар учурунда белгилүү манасчы Жусуп Мамай менен жолугушуу зор коомдук жана тарыхый мааниси бар окуя болуп калды. Роза Отунбаева азыркы замандын залкар манасчысы болуп калган Жусуп Мамай аксакалды 95 жаш торколуу мараакеси менен куттуктады жана анын “Манас” эпосун сактоодогу жана аны дүйнөлүк коомчулукка кеңири жайылтуудагы зор эмгегин белгиледи. Жусуп Мамайдын оозунан 215 миң саптан ашуун көлөмдө “Манас” эпосунун варианты жазылып алынып, 16 томдук китеп катары жарык көргөн. Анын талыкпас мээнетинин аркасында Кытайлык кыргыздардын арасында манасчылык өнөрү сакталып, өзүнчө мектеп катары калыптанды, азыр 40тан ашык манасчы атайын мамлекеттик колдоо алып, дастанды андан ары эл ичинде жайылтып жатышат. 

Кызылсуу кыргыздарынын ичинде эпоско карата жасалып жаткан өзгөчө мамиленин далили катары быйыл 5-чи жолу өтүп жаткан Эларалык “Манас” фестивалын айтууга болот. Фестиваль Актоо ооданынын Бозкөл айылында Музтоо чокусунун алдындагы деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте жайгашкан Каракөл көлүнүн жээгинде 29-июнда өттү. Көл боюна атайын майдан даярдалып, ондогон боз үй тигилип, миңдеген кишилер келишти. Эпостун бул чоң майрамына коштой фото сүрөтчүлөрдүн IV Эларалык Форуму Кытайдын бардык булуң бурчтарынан келишкен 120 дан ашуун белгилүү сүрөтчүлөрдүн катышуусу менен өткөнү фестивалдын эларалык маанисин бийик даражага көтөрдү. Белгилүү фото сүрөтчүлөрдүн тартып кеткен сүрөттөрү кеңири жарыя болуп, анын аркасы менен кыргыз маданияты, салты даңазаланып, Борбордук Азияга туристик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө болот деген ишенич бар. Бул чоң майрамда “Манас” дастанынан башка дагы монгол жана тибет элдеринин эпостору айтылып, топоз минип улак тартуу, бүркүт жана куш салуу сыяктуу салтуу оюндар көрсөтүлдү. Ошондой эле театрлаштырылып көрсөтүлгөн памир кыргыздарынын кыз узатуу жана өлөң айтуу салты көрүүчүлөрдүн купулуна өзгөчө толду. Майрамдын өзгөчөлүгү катары жергиликтүү калктын фестивалдык ишчараларга толугу менен жигердү катышып, жалпы сценаларда ырдап, бийлеп жүргөнүн айтууга болот. 

Кызылсуу кыргыздары тарабынан уюштурулган бул чоң майрамдын өзгөчө мейманы катары Роза Отунбаева Бозбулуң айылында коюлган Манас баатырдын эстелигин ачуу аземинен катышты жана Акчий ооданында жайгашкан “Манас” музейинде болуп, ардактуу меймандар китебине өз каалоо-тилегин жазып калтырды.