STEM күндөлүгү: Ош Мамлекеттик Университети

January 13, 2016, 06:00

Ош мамлекеттик университетинин “Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институтунда” Ош жана Баткен областтарынын мектептеринин математика жана физика мугалимдери үчүн кышкы мектеп өз ишин баштады. Бул мектеп “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун “Аялдар илимде жана техникада” долбоорунун алкагында уюшулду. Аталган кышкы мектепте физика жана математика сабактарынан кырктан ашуун педагогдор билим алышууда.


Кышкы мектептин негизги максаты - математика жана физика мугалимдерин окуткан сабактарында компьютердик технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн, окутуунун жаңы технологияларын колдонууга үйрөтүү. Бул саамалык “STEM”, же сөзмө- сөз айтканда илим, технологиялар, инженерия жана математика аралык дисциплинардык системанын алкагында ишке ашууда.


Эксперттер бүгүнкү заманбап коомду ушул илимдердин өнүгүшү менен байланыштырат. “Математика, физика предметтерин сапаттуу окутуу жана бул илимдерге окуучуларды кызыктыруу өзгөчө маселе”,- дейт ОшМУнун доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Жылдыз Артыкова. Ал мындай даярдыктан өткөн мугалимдер сапаттуу билим берүүдө жана STEM багытына жөндөмдүү кыздарга кесип тандоодо чоң жардам берет деп ишенет.


Белгилей кетчү нерсе, кышкы мектептин угуучулары сабактар менен гана чектелбестен “STEM кандай багыт жана ал эмне үчүн актуалдуу?” деген темада ОшМУнун мугалимдери менен тегерек столго, “Эмне үчүн кыздар илимге жана техникага кызыкпай жатышат, мугалим сабактарында бул багытта иштерди жүргүзөбү?” деген темада Ош технологиялык университетинде уюшулган талкууга жана “Мектепте билим берүүдө кыздарды илимге жана техникага кантип кызыктырууга болот” деген темадагы “Үмүт” телестудиясында уюштурулуучу ток шоуга катышышат.


Сабактар үстүбүздөгү жылдын 21-январына чейин уланмакчы.

 










“Роза Отунбаеванын демилгелери”

коомдук фондунун пресс борбору