Караколдо табигый-техникалык сабактардын кышкы мектеби иштеп жатат

January 14, 2016, 06:00

Нурбек кызы Изат, Т.Сатылганов атындагы областтык лицейдин 9-классынын окуучусу: «Мен кышкы мектепте окуп жатканыма өтө кубанычтамын, мага бардык предметтер (алгебра, биология, информатика, химия, физика) боюнча сабактар кандай өтүп жатканы абдан жагат, мисалы, математика сабагында логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөбүз, маселелерди чечүүнүн сарамжалдуу жолдорун издейбиз, химия, физика жана биология боюнча практикалык лабораториялык иштер жүргүзүлөт. Ар бир мугалим биздин алдыбызга өз билимиңди турмушта кантип колдонууга боло тургандыгы жөнүндө маселени коет».

 

Каракол шаарында «Билим Булагы» окуу борборунун базасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун алкагында табигый-техникалык сабактардын кышкы мектеби өткөрүлүп жатат.

 

Каракол шаарынын жана Ысык-Көл областынын 9-11-класстарынын окуучулары мектептин катышуучулары болуп саналат. Ал эми окутуучулар областтык Билим берүү институтунан, Т.Сатылганов атындагы областтык лицейден жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинен келди.

 

   Өзүбекова Жибек

   Жанышева Тинатин               

     математика

     Т.Сатылганов атындагы областтык лицей    

   Сыдыкбаева Айзада

     информатика

     Т.Сатылганов атындагы областтык лицей

   Өмүрбеков Үсөн

   Садыкова Элнура

     физика 

     Т.Сатылганов атындагы областтык лицей

     ИМУ окутуучу

   Үмөталиева Бурма

     химия

     ОИО методисти

   Саматова Айзат

     Англис тили     

     «Билим Булагы» окуу борбору

   Өмүралиева Малика

     Орус тили

     Т.Сатылганов атындагы областтык лицей

 

Мектептин алкагында катышуучулар: математика, информатика, физика, химия, англис жана орус тили сабактары боюнча окутуудан өтөт. Катышуучуларды мектепке чакыруу үчүн областтык телекөрсөтүү аркылуу кеңири реклама жүргүзүлдү. Педагогикалык кадрларды сапаттуу тандоо жүргүзүлдү, ошондой эле сабактарды өтүү учурунда инновациялык ыкма колдонулат.