Караколдо кыздарга арналган кышкы мектеп ачылып, 9-11-класстын окуучулары техникалык билим алууда
January 12, 2016, 06:00Каракол шаарында бүгүн, 11-январда 9-11-класстын окуучу кыздарына арналган кышкы каникулдук мектеп ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Айымдар илимде жана техникада» программасынын алкагында кышкы каникулдук мектеп ачылды. Ал «Билим булагы» билим борборунун базасында уюштурулду. Кышкы мектепке 40 окуучу кыз Каракол шаарынын мектептеринен жана Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунан келишип, технология, физика, инженерия, математика, химия сабактары боюнча билим алышууда.
Долбоор кыз балдарды техникага, инженерияга кызыктыруу максатын көздөйт. Кыздар окууга жарнама аркылуу келишкен. Алардын бири Каракол шаарындагы №1 мектептин 11-классынын окуучусу Мээрим Тынчтыкова кышкы мектептин биринчи эле сабагы ага өтө көп кызыгууну жаратканын айтат. Ал: «Мен ушул күнгө чейин программист болсомбу деген ойдо болчумун. Ушул окуу менин оюмду дагы бир жолу бекемдеди. Бүгүнкү сабактар өтө кызыктуу өтүп жатат. Азыр чындыгында технологиянын заманы эмеспи. Бул тармактын келечеги кең деп ойлойм», - дейт.
«Билим булагы» билим борборунун директору Дамира Арунова: «Кыз балдар негизи гуманитарияга жакын болушат. Бул долбоор техника илимине жакын кыздарыбыздын кесипти туура тандоосуна көмөк көрсөтөт. Окууда мектеп программасында өтүлбөгөн темаларга басым жасалат», - деп белгиледи.
Аталган кышкы мектеп эки жумага созулуп, анда билим алган окуучуларга атайын тастыктамалар берилмекчи.