Табигый-техникалык сабактардын (STEM) кышкы мектептеринин ачылышы болуп өттү
January 11, 2016, 06:00Бүгүн, 11-январда, Нарын, Каракол, Талас жана Ош шаарларында жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактардын кышкы мектептеринин ачылышы болуп өттү. Мындан тышкары, Баткенде жана Ошто кыз-келиндер үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча курстар өткөрүлөт.
Табигый-техникалык сабактардын мектебинин максаты жогорку класстардын окуучу кыздарын математика, информатика, физика, химия сыяктуу так илимдерге окутуу болуп саналат, бул аларды техникалык адистиктерге тапшырууга даярдайт. Ал эми мугалим айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча мектептин максаты – алардын компьютер жана интерактивдүү доска менен иштөө жөндөмүн арттыруу, буларды мугалимдер өзүнүн окутуучулук ишинде колдоно алат.
Бул иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча өткөрүлүп жатат. Фонд 2014-жылдан бери STEM багытын колдоп келүүдө. Бул багыттын алкагында «Устат» долбоору ишке ашырылды, жаңы конуштардын жогорку класстарынын окуучу кыздары анын катышуучулары болуп калды. Долбоордун алкагында катышуучулар өнөр жай ишканаларына, IT компанияларга барды, компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан өттү. Ошондой эле табигый-техникалык сабактар боюнча жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн жайкы мектеп, компьютердик сабаттуулук боюнча кыз-келиндер үчүн жайкы мектеп, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун айымдары үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча курстар уюштурулду.
Бүгүнкү күндө компьютердик сабаттуулук боюнча жогорку класстардын 86 окуучу кызы жана 195 айым окутулду. Долбоордун ийгиликтүүлүгү кыз-келиндердин окууга дилгирлигин көрсөтүп турат. Бул жөнүндө жайкы мектептерди өткөрүү учурунда кошумча топтордун ачылгандыгы айтып турат. Ошондой эле анкеталоо мектепте окуп жаткан кыздардын 50%ы техникалык адистиктерге тапшырууну чечкендигин көрсөттү. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын бардык региондорунда ушундай мектептерди өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты.
Региондук суроо-талаптарды, STEM багыты боюнча окуудан өтүүнү каалагандарды эске алуу менен кышкы мектептер 2016-жылдын 11-январынан тартып 22-январына чейин Кыргызстандын 5 регионунда өтөт.
Эске сала кетебиз, Кышкы мектептер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ турмушка ашырып жаткан «Кыз-келиндер техникада жана илимде» (STEM) долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. STEM аббревиатурасы S-science – илим; T-technology – технологиялар; E-engineering – инженерия; M-math – математика катары чечмеленет жана азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдө STEM-билим берүү түшүнүгү ар кандай билим берүү программаларына улам жигердүү киргизилип жатат.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын басма сөз борбору.