Эксперттин кеңештери: Баланы биринчи класска кирүүгө кантип туура даярдоо керек

January 6, 2016, 06:00

Ата-энеден суроо: Менин кызым жакынкы мезгилде биринчи класска барууга тийиш. Бул мени кубандырат жана ошол эле учурда кандайдыр тынчсыздандырат. Ал балдар бакчасына бара баштаган учурда, ал менден бөлүнүп калап деп кокуп, бир нече ай бою балдар бакчасына баруудан баш тартты. Менин балам мектепке көнүшү/адаптацияланышы үчүн сиз мага кандай кеңеш бере аласыз?

 

 

Эксперттин жообу:

 

Өз балаңызды формалдуу окута баштоо жагынан сиздин эки ача сезимиңизди мен түшүнө алам.

 

Ага жаңы милдеттерге жана мектеп чөйрөсүнө адаптацияланышына кантип жардам берүү керектиги жөнүндө ата-эне сайттарынан алган адистердин айрым сунуштамалары булар.

 

Биринчиден, Сиз биринчи класска кантип баргандыгыңыз, сиздин сүйүктүү мугалимиңиз ким болгондугу, биринчи класста сиздин мыкты досуңуз ким болгондугу жөнүндө өз тажрыйбаңызды бала менен бөлүшүңүз.

 

Ал мектептен эмнени күтүп жатканын сураңыз. Балким, бул жаңы достор болот же, мүмкүн, ал класста өзү менен бирге балдар бакчасына барып жүргөн достор болот деп үмүттөнөт.

 

Өз балаңызды жаңы мектеп чөйрөсү менен тааныштыруу маанилүү, балким, эгерде сиз «ачык эшик» күнүнө же башка тааныштыруу программасына катыша элек болсоңуз, аларга катышуу пайдалуу же ал мектепке биринчи барган күнү анын жанында болуңуз.

 

Мектепти айланып баскыла жана баланы аялдама, мектептин фойеси, ажаткана, ашкана, негизги кабинеттер сыяктуу маанилүү жерлер менен тааныштырыңыз. Кызыңызга мектептин негизги эрежелерин түшүндүрүңүз – ажатканага сурануу же мугалимге суроо берүү үчүн кол көтөрүү, ошондой эле мугалимди угуу керек.

 

Бала өзүн коопсуз деп сезгенге чейин айрым учурга сиз бала менен бирге боло аласыз, бирок ал көнүп калганда, аны сабактан кийин тосуп ала турган жана аны калтыра турган жерди көрсөтүү керек. Окуу күнүнүн аягында өз балаңызды өз учурунда алып кетүү үчүн сабак аяктай турган убакытты билээриңизге ынаныңыз. Бала мектепте күн кандай өткөндүгү жөнүндө – мугалим, бала достошкон достору, жеген тамагы жөнүндө сизге айта баштаса, аны кубаттаңыз. Бул сиздин балаңызда жакшы адатты иштеп чыгуу үчүн керек.

 

Аны сабактардын расписаниесин пайдаланууга үйрөтүңүз. Ага сабактардын расписаниесине ылайык мектеп рюкзагын кантип чогултуу керек экенин көрсөтүңүз.

 

Балага алмаштыруучу кийим салынган пакетти кошуп бериңиз, ал ушул кийим, эгерде кийимди алмаштыруу зарыл болгон учурда керек экенин билип алганы дурус.

 

Мектептен кийин түшкү тамак, үй тапшырмаларын аткаруу жана оюн ойноо үчүн баланын убактысын пландаштыруу пайдалуу болор эле.

 

Үйдө бала окуу китептерин жана буюмдарын кое турган белгилүү орунду бөлүп бериңиз.

 

Аны чөнтөгүндөгү акчаны туура пайдаланууга үйрөтүңүз – бул маанилүү.

 

Сиз ага күн сайын кандай сумманы берээриңизди чечиңиз жана ага акчаны жоготуп жибербөө үчүн кандай кармоо керектигин жана аларды танаписте канцеляриялык буюмдарды жана китептерди сатып алуу үчүн кандай пайдалануу керектигин көрсөтүңүз.

 

Анын класстык жетекчиси менен таанышыңыз жана мугалим баарлашуу үчүн бөлө ала турган убакытты билиңиз.

 

Эгерде сиздин кандайдыр-бир көйгөйлөрүңүз бар болсо, алар чоң көйгөйгө айланышына жол бербөө үчүн алар жөнүндө дароо айтуу керек.

 

Мектепте мугалимдер, эреже катары, ата-энелер үчүн маалыматты балдар аркылуу жазуу жүзүндө жана оозеки нускама түрүндө берет.

 

Бул билдирүүнү дайыма текшерип туруңуз жана ата-энеге мугалимдин катын берип же нускаманы күндөлүккө жазып, маалыматты аларга жеткирүү маанилүү экенин өз балаңызга түшүндүрүңүз.

 

Ата-энелер комитетине кирүү жөнүндө ойлонуңуз. Бул Сизге мектепте болуп жаткан окуяларды билип турууга жардам берет жана сизге жана сиздин балаңызга тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

 

Бала биринчи класска баратканда тынчсыздануу сезими ойдогудай көрүнүш, бирок сиздин маанайыңыз балаңызга оңой эле берилиши мүмкүн экенин эстен чыгарбаңыз. Ага мээрим төгүп жана колдоо көрсөтүңүз.

 

Сиздин балаңыздын мектеп турмушу башталгандыгы жагынан өз сүйүнүчүңүздү жана жигериңизди көрсөтүңүз. Бул бала үчүн мектеп бул кызыктуу, жакшы жана анын колунан бардыгы келет жана убактысын көңүлдүү өткөрөт деген белгини берет.

 

 

Булак:

http://news.asiaone.com/news/education/ask-sandra-what-i-can-do-help-ease-my-child-primary-1