Бишкекте «Япониянын ийгиликтери Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр» аталышында иш-чара өтөт

July 5, 2012, 06:00

Баракелде – Бүгүн, 4-июлда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРдагы Япониянын элчилиги менен биргеликте «Discover Asia» долбоорунун алкагындагы төртүнчү жолугушууну өткөрөт. 

Аталган фонддон билдиришкендей, иш-чара «Япониянын ийгилигинин факторлору жана Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта өтөт. 

Жолугушууда Япониянын КРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Син Маруонун, «Toyota Motor Казахстан» президенти Шинго Като, Япониянын баалуу кагаздар боюнча серепчилер ассоциациясынын мүчөсү, «Mitsubishi UFJ Trust and Banking» иштөө боюнча 33 жылдык тажрыйбасы бар JICAнын ага волонтеру Ичиро Кумакиринин чыгып сүйлөөсү күтүлөт. 

Кыргызтандан жолугушууда коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков, Япониядагы КРнын экс-элчиси Кутанов Аскарбек жана КР президентинин алдындагы бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешининин катчылыгынын башчысы Таалайбек Койчуманов сөз сүйлөшөт. 

«Япония – күн чыгыш өлкөсү-дүйнөдөгү капиталдын ири экспортчусу, өндүрүш боюнча экинчи держава. Ал продукцияны экспортто боюнча төртүнчү орунду ээлейт. Дүйнө жүзү япон автоунааларынын, тиричилик техника, электр жабдуулары жана байланыш системарынын жогорку сапатын жакшы билет. Тез арада өндүрүшкө кирбеген сектор: тейлөө, каржы, илимий-изилдөө чөйрөлөрү өнүгүп келүүдө. Бүгүнкү күндө Япония АКШ менен биргеликте дүйнөдөгү «үч маанилүү экономикалык борборду» түзөт деп белгилейт «Discover Asia» долбоорунун координатору Казбек Абралиев. 

Жолугушууга бизнес өкүлдөрү, билим жана жарандык коомдун, өкмөттүн атка минээрлери, аспирант, докторант, дипломат жана журналисттер чакырылган. 

Discover Asia – Азия өлкөлөрүнүн өз өкүлдөрү менен бирдиктүү аянтта пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүүгө шарт түзгөн маалымат-агартуучу демилге. Мында ар бир мамлекеттин серепчи, соода -экономикалык адистери, ишкер, өкмөт чөйрөсүнүн өкүлдөрү чакырылып Кыргызстанга пайдалуу тажрыйбалар менен бөлүшүшөт. 

Алгачкы жолугушуу Бангладешке арналган. Тажрыйба алмашуу визитинин жыйынтыгында Кыргызстандан делегация Бангладештин микрокаржылоо сектору менен таанышуу сапары уюштурулган. Экинчи жолугушуу Кытайга арналып, мында да ийгиликтүу жыйынтыктар пайда болду. Кытай эл республикасынын элчилиги менен биргеликте 8 медициналык мекемелерден медайымдар тобу бир айлык медайым курсуна жөнөтүлүштү, деп жазылат маалыматта. 

Баракелде