Төрт тараптуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюулду.

August 23, 2012, 06:00

22-августта саат 11:00 Чүй облустук администрациянын конференц-залында Сокулук районунун ЖӨБО, «МКК Финка» ЖАК, Сокулук районунун билим берүү бөлүмү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ ортосундагы төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Өнөктүк жөнүндө келишимге кол коюлушу “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнун “Балдардын сапаттуу, жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүүсүн кеңири жайылтуу” программасынын алкагында “Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү мекемелер жана программаларга ар кандай моделдерди киргизүү” долбоорунун башталашы болуп эсептелет. 

Билим берүү долбоору Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын жардамы менен ишке ашып жатат. Учурда мамлекеттик-жеке кызматташтыктын алкагында «МКК ФИНКА» ЖАК менен Сокулук районунун жеке өзүн өзү башкаруу органдары жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмү Сокулук районундагы мектепке чейинки мекемелерде 3 сааттык билим берүү программаларын жайылтуу боюнча пилоттук долбоор ишке ашууда. 

«Аталган долбоор 3-7 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу жана өнүктүрүү каралган. Биз “Мектеп алдындагы бала бакчалар”, “Даярдык класстары”, “Мектепке бир жылдык даярдык”, “3 сааттык программалар” моделдерин жайылтуу иштерин жүргүзөбүз. Биздин долбоор балдарды жаштайынан өнүктүрүүнүн маанисин коомдук талкууда жеткиликтүү деңгээлге чыгарат жана мектепке чейинки билим берүү тармагы боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуу негизи боло алат деп ишенебиз.», -деп билдирет фонддун аткаруучу жетекчиси Жибек Койчукулова. 

Аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн «МКК ФИНКА» ЖАКнын каражатына Военно-Антоновка айылындагы № 20 бала бакчага, Фрунзе айылындагы «Солнышко» бала бакчасына, жана Түз айылындагы З.Кадыркулов атындагы мектептин алдындагы бала бакчага атайы жабдуу, эмерек, методикалык китептер, оюнчук жана башка группалардын толук кандуу иштешине өбөлгө түзгөн нерселер сатып алынат. 

«ФИНКА кичинасыя компаниясынын аталган долбоордо катышуусу компаниянын “Орто мектептерди колдоо” программасынын алкагында мүмкүн болду. Ал окуучулардын жана мектепке чейинки балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берет. Айрыкча атайы класстарды шаймандоо”-деди ФИНКАнын аймактык операциялык менеджери Чолпон Дүйшеева белгилейт. 

Кошумча маалымат үчүн бул телефонго кайрылыңыздар 90-19-56