«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Малайзияга арналган жолугушуу өткөрөт

September 7, 2012, 06:00

11-сентябрда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер миниcтрлиги менен өнөктүктө “Discover Asia” долбоорунун алкагындагы кезектеги 5-жолугушууну өткөрөт. Иш-чара Малайзияга арналмакчы. 


Аталган фонддон билдиришкендей, жолугушуу АСЕАН ири экономикасына жана дүйнөдөгү 29-орунду ээлеген Малайзиянын экономикасына арналат. Бул өлкө электрондук чип жана тиричилик салкындаткычтарды чыгаруу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. 1970-жылы эле анын экономикасы кен казуу жана айыл чарба тармагына негизделчү. 2011-жылдын маалыматы боюнча Малайзиянын ички дүң продукциясы 447,595 млрд $ түзгөн. 


Иш-чаранын негизги спикери Малайзиянын экс премьер-министри Тун доктор Махатхир Бин Мохама болмокчу. 


Тун доктор Махатхир Бин Мохамад Малайзияны заманбап, экономикасы жогору өнүккөн өлкөгө айлантып, көз карандысыз ички жана тышкы саясаты бар, “азиялык” жана “малайзиялык” баалуулуктарына таянган коомду түзүү боюнча ой максаттарын ишке ашырган. 


«Акыркы 30 жыл ичинде дал ушул инсандын аракеттери менен Малайзияда Жаңы экономикалык саясат (NewEconomicPolicy1971-1990) жана Өнүгүүнүн улуттук саясаты (NationalDevelopmentPolicy1991-2000) ишке ашкан. Учурда Малайзияны 2020- жылга(Vision 2020) заманбап жогорку технологиялык мамлекетке айлантуу стратегиясы ийгиликтүү ишке ашып жатат.», – деп белгилейт “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ аткаруучу жетекчиси Жибек Койчукулова. 

Баракелде