Сокулук районундагы айылдарда мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуусу үчүн 3 сааттык топторду киргизүү программасынын бет ачаары

September 24, 2012, 06:00

Ушу жылдын 24-сентябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун Сокулук районунда мектепке чейинки билим берүү боюнча 3 сааттык программаны киргизүү боюнча программанын бет ачаары болот. Долбоордун алкагына райондун Түз, Фрунзе жана Военно-Антоновка айылдарында 3 сааттык иш алып барчу топтор түзүлгөн. Мында мурда таптакыр бала бакчага барбаган балдарга тамга таанытып жана сан үйрөтүлүп, жакынкы арада балдардын мектепке баруусуна даярдык жүргузүлөт. Андан тышкары балдар теңтуштары менен баарлашып, ойноп, социализация болот. 

Окутуу полимаданияттуулук жана сабырдуулук принциптеринен түзүлгөн. Топтордо окутуу эки тилде жүргүзүлөт. Кыргыз жана орус тилдеринде. 3 сааттык программа бекитилген мамлекеттик стандартка дал келип, мектепке чейиники тарбиялоонун программасынын бир гана окутуу компонентин камтыйт. 

Бул айылдарда бала бакчаларда орун жок болуп же болбосо такыр эле бала бакчалар болгон эмес. 

Бала бакчалардын жана мектептердин базасында ушундай топторду киргизүү демилгеси жергиликтүү коомчулук, айрыкча ата-энелер жана айыл аксакалдарынан жергиликтүү өзүн өзү бакшаруу органдарынан колдоо тапты. Долбоордун алкагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан бош турган имараттарды оңдоп түзөп аларды жабдыганга жардам берген. Андан тышкары ЖӨБО 3 сааттык персоналдын айык маянасын төлөп берүүгө белсеништи.

Долбоор “Финка” кичинасыя компаниясы тарабынан колдоого алынып, долбоорду каржылоо маселеси чечилди. 3 саттык топтор кир жуучу машина, суу жылыткыч сыяктуу заманбап тиричилик техникасы менен эле эмес дидактикалык материалдар жана балдардын чыгармачылыгы үчүн оюнчуктар менен жабдылган. 

Долбоор уланып 3 саттык топторду Талас, Нарын облустарында ачуу максатталууда, ошондой эле Чүй облусундагы айрыкча Панфилов жана Сокулук райондорунда 3 сааттык топторду кеңейтүү иши жургүзүлмөкчү . 

Долбоордун бет ачаарында фонддун негиздөөчүсү жана экс-президент Роза Отунбаева, КР билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Чүй облусунун жана Сокулук районуну жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.