Тажик музыкалык маданиятынын концерт-презентациясы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» программасынын алкагында акыркысы болуп калды

November 25, 2015, 06:00

«Музыка – элдин жан-дүйнөсү: тажик музыкалык маданияты» концертинде көрүүчүлөр улуу Омар Хайямдын жана Саадинин, Руминин жана Ибн-Синанын (Авиценнанын) тили кандай чыгаарын угуп, тажик бийлеринин пластикасын көрүп, тажик музыкалык аспаптарынын үнүнө ыракаттанды, ал 24-ноябрда Кыргыз Улуттук Консерваториясында өттү.

 

2014-2015-жылы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» музыкалык-билим берүү программасы Бишкектин тургундарына жана борбор шаардын меймандарына Кыргызстандын этносторунун: корейлердин, карачайлардын жана балкарлардын, украиндердин, казактардын, дунгандардын, өзбектердин, азербайжандардын, түрктөрдүн, уйгурлардын, татарлардын музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентацияларды сунуш кылды.

 

Тажик музыкалык маданиятынын концерт-презентациясы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» программасынын алкагында акыркысы болуп калды. Долбоорду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ПРООНдун жана ЮНЕСКОнун колдоосунда Кыргызстан Калкынын ассамблеясы, Кыргыз Улуттук Консерваториясы менен бирдикте ишке ашырды.

 

Абылай Саралаевдин видеосы "Новые лица"

"Super.kg" фотосу