«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: ырчы Гулжигит Калыков

November 24, 2015, 06:00

Биздин «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорубуз өз ишин улантат. Ишембиде, 21-ноябрда, таланттуу ырчы, "Евразия жылдызы" биринчи эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү Гулжигит Калыков балдарга мейманга келди.


Гулжигит балдарга кыргыз эл жомокторун окуп берүүнү чечти. Мээримдүү жагдай, жылмаюулар, сабак болуучу жомоктор, жылдыздын катышуусу – ушулардын бардыгы, албетте, балдар китеп окуунун эң сонун орунунан кеткиси келбегенине жана жылдызды кое берүүнү каалабаганына себепчи болду.


Эске сала кетсек, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагындагы жолугушуулар жума сайын ишембиде саат 11-00дө «Раритет» китеп дүкөнүндө төмөнкүдөй дарек боюнча өтүп турат: Чүй пр., 271-үй. Долбоордун негизги максаты – китеп окуу маданиятын жана балдардын китепке кызыгуусун кайра жаратуу идеяларын пропагандалоо. Азыркы балдар китепти аз окуйт, бул алардын инсанынын калыптанышына жана анын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүнө терс таасир этүүдө. Долбоор балада китеп окуу адаттарын жана китепти сүйүүнү калыптандыруунун алмаштырылгыс элементи катары балдарга үн чыгарып китеп окуп берүү зарылчылыгына коомдун көңүлүн бурат.