Кыргызстанда Intel компаниясы менен бирдикте жаштар үчүн билим берүү программаларын өткөрүү пландаштырылып жатат

November 22, 2015, 06:00

Intel компаниясынын юридикалык жана корпоративдик маселелер боюнча вице-президенти Шелли Эски И.Раззаков атындагы КТУнун студенттерине корпорациянын билим берүү программалары жөнүндө айтып берди.

 

Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.

 

«Бизде кыз-келиндерди көбүрөөк окутушса жана алар компьютерлерди, соңку технологияларды билсе деген ой бар. Мисалы, донорлор компьютерлерди берет, бирок мугалимдер аларда иштегенди билбейт, бардыгын оозеки айтып берүү мүмкүн эмес, Power point аркылуу көрсөтүү керек», - деп белгиледи экс-президент КР Роза Отунбаева.

 

Р.Отунбаева процессорлорду иштеп чыгып жаткан, биринчи корпорациялардын топ-10уна кирген, билим берүү программалары бар жана бул тармакта 100дөн ашык өлкөнү колдогон Intel корпорациясынын өкүлүн чакырганын түшүндүрдү.

 

«Жаш муун стереотиптерди бузушу үчүн биз Intel менен билим берүү ресурстарын киргизебиз деп үмүттөнөм, анткени китеп жазып алып жана: бул меники жана эч кимге бербейм деп айткандар бар. Биз үчүн ачык мейкиндикти, ачык билим берүү ресурстарын түзүү маанилүү», деп жыйынтыктады Р.Отунбаева.

 

Өз кезегинде Intel’дин өкүлү корпорациянын билим берүү программалары жөнүндө айтып берди.

 

«Intel’дин программасы бар, ал 100 өлкөдө билим берүү тармагын колдойт жана 100 млн доллар бөлөт, биздин билим берүү программабыздын өзөктүү элементи болуп мугалимдер саналат, бизде ошондой эле орус тилиндеги ресурстар бар. Биз мугалимдерге жаңы технологиялар аркылуу алда канча натыйжалуу иштөөгө жардам беребиз, ошондой эле студенттерди окутабыз», - деп түшүндүрдү Шелли Эски.