Талас шаарынын жогорку класстагы 18 окуучу кызы ИИОдо кызмат өтөө жөнүндө бардыгын билет

November 22, 2015, 06:00

2015-жылдын 18-19-ноябрында Талас шаарында «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбооруна катышуу үчүн жогорку класстардын окуучу кыздарын тандоо болуп өттү.

 

КР экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаева, ички иштер министринин гендер боюнча кеңешчиси Асель Осмонова, КР ИИМ Академиясынын зардалы Адылбек Бийбосунов, Талас областынын ИИБ зардалы Адылбек Капалов, Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдаркул Каана кыздарга ички иштер органдарындагы аялдардын ролу жана маанилүүлүгү, ИИОдо кызмат өтөөнүн келечектери жөнүндө, ИИМдин түзүмү, ошондой эле кыргыз милициясы калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхы жөнүндө айтып берди.

 

Ошондой эле иш-чарага Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

 

Долбоор КР ИИМ менен кызматташтыкта БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын БУУ БКБ) колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

 

Жолугушуудан кийин шакирттерди конкурстук тандоо өттү, ал жерде долбоорго катышууну каалагандардан алынган 42 анкетанын ичинен 18 кыз тандап алынды, алар өз насаатчыларынын – устаттардын (Талас областынын ИИБ кызматкер айымдары) жетекчилиги астында кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар жана КР ИИМ Академиясына кабыл алуунун эрежелери менен таанышат.

 

Маалымат үчүн:

Кыз-келиндердин эркектер менен социалдык теңчиликке, алда канча кеңири социалдык функцияларды аткарууга умтулуусу аялдын коомдогу ролу түп тамырынан өзгөрүшүнө алып келди. Айымдар иштин саясат, мамлекеттик башкаруу, ишкерлик, укук коргоо органдары сыяктуу демейдеги эркек түрлөрүнө улам алда канча жигердүү катышып жатат.

 

Кыргызстанда ички иштер органдарында айрым оң позитив топтолду: укук тартип органдарында аял кызматкерлер эмгектенет, ИИМ окуу жайларында курсант кыздар окуйт, 2010-жылы Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы түзүлдү, ал Полицей аялдардын эл аралык ассоциациянын анык мүчөсү болуп саналат. Аялдар кылмыштарды четтетүүгө жана криминалга каршы күрөшүүгө, айрыкча калктын аялуу катмарларына тиешелүү кырдаалдарда кыйла салым кошо алат.