Талас шаарында сүрөтчү Т.Герцендин 80 жылдыгына арналган көркөм сүрөт көргөзмөсү өттү

November 20, 2015, 06:00

Талас шаарынын А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык метебинде кыргыз эл сүрөтчүсү Теодор Герцендин 80 жылдыгына арналган көркөм сүрөт көргөзмөсү өттү, деп билдирди Turmush кабарчысы.

 

Билдирилгендей, көргөзмөгө жергиликтүү тургундар жана областта жашаган немецтер катышты.

 

Көргөзмө «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Маалыматка ылайык, Т.Герцен 1959-жылы Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы ал Москвадагы көркөм сүрөт-өнөр жай окуу жайын бүтүргөн, ал жерде «сүрөтчү-монументалист» адистигин алган. Ал таластагы «Красная Зары» колхозунун чабандарын жана саанчыларын, Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерин тарткан. Ал Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосуна сүрөттөрдү тарткан