Жалал-Абадда сүрөтчү С.Кадыровдун көргөзмөсү өттү

November 20, 2015, 06:00

Жалал-Абад шаарында сүрөтчү Салмоорбек Кадыровдун көргөзмөсү өттү, деп билдирди Turmush кабарчысы.

 

Билдирилгендей, көргөзмөдө Кадыровдун 50дөн ашык сүрөтү сунуш кылынган.

 

Иш-чарага студенттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Сүрөтчү айткандай, иш-чаранын негизги максаты – коомдун аң-сезиминде адамдык биримдикти жана маданиятты түшүнүүнү калыптандыруу.