Ошто немец музыканты К.Шумахердин концерти өттү

November 19, 2015, 06:00

Ош шаарында немец музыкант-аткаруучу Кай Шумахердин «Рок жана Рояль» классикалык музыкасынын концерти өттү, деп билдирди Turmush кабарчысы.

 

Билдирилгендей, концерттин программасында француз ырларынын темасына В.Моцарттын «Ах, я Вам скажу», Дж.Гершвиндин «Тот, которого люблю», «Сладко и чувственно» жана «Я ощущаю ритм», Ф.Шуберттин «У моря» темасына 12 вариация, ошондой эле К.Шумахердин автордук чыгармалары жаңырды, алар роялда виртуоздук оюн менен аткарылды.

 

Бул күнү музыкант К.Шумахер 36 жашка толду. Концертиин уюштуруучусу Германиянын КРдагы Элчилиги болду.