«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Баткен областынын 3 балдар бакчасында оңдоо иштерин жүргүзүүгө жардам берди

November 19, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуу Британиянын КРдагы Элчилигинин колдоосунда Ага Хан Фонду ишке ашырып жаткан «Суу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында Баткен областынын 3 балдар бакчасында оңдоо иштерин жүргүзүүгө жардам берди.

 

Оңдоо иштерин биринчи болуп Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы «Алтын балалык» балдар бакчасы аяктады. Бул балдар бакчасына 500 литрлик топтоочу бак жана сууну түртө турган насос, балдар үчүн ысык жана муздак суусу бар 3 кол жуугуч жана ашканада 1 кол жуугуч орнотулду. Металл пластиктен веранда курулду жана жылуулатылды, балдар үчүн кол жуугучтар ошол жерде орнотулду.

 

Кадамжай районунун Марказ айылындагы эмеректер жетишпеген «Келечек» балдар бакчасына балдар стулдары (60 даана) жана столдор (16 даана), китеп шкафтары (4 даана), жазма столдор (2 даана), мугалим стулдары (4 даана), шифоньер (1 даана), ашкана шкафы (1 даана), ашкана столу (2 даана) жана стулдар (8 даана) сатып алынды.

 

Оңдоо иштери ошондой эле Лейлек районунун Ай-Кол айылындагы «Ай-Кол» балдар бакчасында бүткөрүлдү. Бул жерде имаратка суу киргизилди, насос орнотулду, ал суунун басымын камсыз кылат. Бош турган бөлмөдө балдар үчүн душ жана ажаткана жабдылды. Бойлер орнотулду, эми имаратта муздак жана ысык суу бар.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду оңдоо иштерин жүргүзүп гана тим болбостон, ошондой эле ушул балдар бакчаларынын балдарына өнүктүрүүчү оюнчуктардын топтомдорун жана канцеляриялык буюмдарды тартуулады.

 

Декабрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул балдар бакчаларында эко-бурчтарды түзүүнү пландаштырып жатат, алар балдарга өтө пайдалуу болот.

 

Кең-кесири маалымат төмөнкүдөй телефондор боюнча: 0 312 66 03 68; 0 556 54 91 54