Алтынчы жылы катары менен Кыргызстанда кеңири масштабдуу JashtarCamp долбоору ишке ашырылууда

November 18, 2015, 06:00

2015-жылдын 14–15-ноябрда Кыргызстандын сегиз шаарында – Бишкекте, Жалал-Абадда, Баткенде, Балыкчыда (биринчи күнү), Ошто, Таласта, Караколдо жана Нарында (экинчи күнү) бүткүл өлкөнүн он миңдеген жаштарынын катышуусунда JashtarCamp 2015 бейформал конференциясы болуп өттү.

 

Ушул бренддин эгидасы алдында өткөн JashtarCamp 2015 жаштардын бул алтынчы жыйынынын башкы максаты интеллектуалдык жана маданий өнүгүү чөйрөсүндөгү бейформалдуу комминикациялык аянтта өз тажырыйбаларын жана көндүмдөрүн алмашуу жолу менен Кыргызстандын жаш муундарын жагымдуу, жаратман иш-аракеттерге багыттоо, жүйөлөштүрүү болуп калды.

 

Экс-президент Роза Отунбаева конференциянын Улуттук спикери болду. Ал Бишкек ш. Улуттук университетте жана Ош ш. ОшМУда ондогон университеттердин студенттеринин, ошондой эле алыскы райондордун мектеп окуучуларынын алдында чыгып сүйлөдү, алардын суроолоруна жооп берди. Биздин планетадагы окуялар, алардын коркунучтуу кулач жаюулары жөнүндө, труктуу өнүктүрүүнүн ааламдашкан максаттары жөнүндө, ушундай кыйчалыш кырдаалдардагы жаштардын мекенчилдик позициялары, лидерликтери жана жарандык жоопкерчиликтери жөнүндө, жаштардын кантип өздөрүнүн айлана чөйрөлөрүн, шаарын, өлкөсүн жакшы жагына өзгөртүүлөрү тууралуу кеп болду.

 

Ошондой эле Чынгыз Макешев, Азамат Аттокуров сыяктуу жаш бизнесмендер, депутат Жанар Акаев, юрист Жоомарт Жолдошев, журналисттер Марина Ким жана Жибек Бегалиева, кыргыз тилдүү ШТК негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев, IDEA жана Enactus командалары спикерлер болуп саналышты. Алар жеке ишкердик, социалдык долбоорлорду, менеджментти ишке ашыруу боюнча кейстерди айтып беришти, ошондой эле карьералык өсүштүн, оратордук чеберчиликтин жана өзүн өзү ишке ашыруунун сырларын бөлүштү.

 

JashtarCamp 2015 Конференциясы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Жаштар программасынын, Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ), ФЕЦА, ЮНФПА, жергиликтүү бийлик органдарынан, бизнес чөйрөсүнөн (ТМ «Beeline», Интернет-провайдер «Megaline» ж. б.) жана бир катар жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдардан көп сандаган өнөктөрдүн колдоосу алдында өттү.