Бишкекте ИКТ-көндүмдөрү боюнча мектептердин мугалимдери жана Кыргыз Билим берүү академиясы үчүн окутуучу иш чаралар өткөрүлдү

November 18, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана «Ачык билим берүү үчүн» Коалициясынын демилгеси боюнча 2015-жылдын 4 жана 11-ноябрында Бишкек ш. мектептер жана Кыргыз Билим берүү академиясы (КБА) үчүн окутуучу иш чаралар өткөрүлдү.

 

4 ноябрда семинар К. Карасаев атындагы БМУ үзгүлтүксүз аралыктык билим берүү институтунун базасында өттү.

 

Катышуучуларга орус, кыргыз, англис тимлдери, география, тарых, мекен таануу жана кыргыз таануу боюнча иштеп чыгылган анимациялык Power Point бет ачары көрсөтүлдү. Мындан тышкары, 6–7-класстардын окуучулары үчүн география, кыргыз мектептериндеги орус тили ж. б. боюнча көрмө сабактар көрсөтүлдү.

 

Көрсөтүлгөн материалдар семинардын катышуучуларынын чоң кызыгууларын жаратты. Мектептердин мугалдимдери жаңы заманбап IT технологияларын пайдалануу менен ушундай сабактарды өздөрү иштеп чыга алышат, бул алынган билимдердин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Тренингдин катышуучулары белгилешкендей, «Ачык билим берүү үчүн» Коалициясынын сайты аркылуу (эскерт. – www.open.edu.kg сайтында жакынкы убактарда ар түрдүү сабактар боюнча мектептердин мугалимдери пайдалана алуучу көрмө сабактардын үлгүлөрү жайгаштырылат) ачык били берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн билүү абдан пайдалуу болду. Мектептердин айрым өкүлдөрү Коалицияга кирүү ниеттерин билдиришти.

 

Машыктыруучулар катары Коалициянын төмөнкү мүчөлөрү жана БМУ өкүлдөрү чыгышты: Бекишева Чолпон Бердикуловна, Жумадинов Шумкарбек Жумадинович, Майчинова Гульзат.

 

2015-ж. 11-ноябрында семинар Бишкек Финансылык-экономикалык Академиясынын басасында өттү. Катышуучулар ошондой эле мектептердин жана КБА өкүлдөрү болушту.

 

Машыктыруучу, «Ачык билим берүү үчүн» Коалициясынын мүчөсү, Megacom компаниясынын инженери Дүйшөнбек уулу Бакдөөлөт катышуучуларды Googleдун издөө тутумунунда маалыматтарды издеп табуунун натыйжалуу усулдары менен тааныштырды жана Googleдун булут технологиялары тууралуу айтып берди.

 

Трениндин темасы тренингдин катышуучуларынын зор кызыгууларын жаратты. Эми мугалимдер мектептерде Googleдун издөө тутумунунан сабактар жана өз алдынча окуу үчүн маалыматтарды кыйла натыйжалуу издеп таба жана булат технологияларын өз алдынча пайдалана алышат.