Бишкекте Аймактык Борбор-Азиялык Конференция болуп өттү

November 16, 2015, 06:00

Бишкек, 12-13 ноябрь – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык эл аралык уюмдарынын жана өкмөттүк түзүмдөрүнүн 30 өкүлүнүн катышуусу менен Бишкекте Аймактык Борбор Азиялык конференция өттү, анда туруктуу өнүгүү максаттарында Күн тартиби – 2030 алкактарында жакырчылык, экологиялык кунарсыздануу жана гендердик теңсиздик менен күрөшүү маселелерин оптималдуу чечүүнүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Форумдун ачылышында Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун башчысы Р. И. Отунбаева чыгып сүйлөдү.

 

Гендердик теңчилик менен туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышы энергоресурстары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу, климаттын өзгөрүүсү, адам укуктары, керектөөнүн моделдери жана өндүрүү жана урбанизация сыяктуу багыттардын кеңири чөйрөсү боюнча ачык байкалууда. «Элеттик аялдар жакырчылыктын жана теңсиздиктин бардык оорчулуктарын көтөрүшүүдө, ал эми диний жана патриархалдык радикализмдин шарттарында алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнулам күчөп бараткан чектөөлөргө жана зомбулукарга кириптер болушууда. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөдө аялдар жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу, климаттын өзгөрүүсүн жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу процесстерине абдан начар тартылышкан. Бир гана аял облустун губернатору болуп саналат, элеттик райондордо аким-аялдар жок, Кыргыз Республикасында эч качан аял экономика, айыл чарбасы, статистика, токой чарбасы жана туризм боюнча мамтүзүлүштү башкарган эмес. Кыргызстандын аялдары үчүн кийинки жылда болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоолор олуттуу сыноо болуп калмакчы. Аларга карата даярдык көрүүнүн сапатынан жана алардын жыйынтыктарынан гендердин теңчилик, экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугу жана өлкөнүн саясий туруктуулугу көз каранды», – деп айтты Р.Отунбаева.

 

«Инклюзивдик экономикалык өсүш, экологиялык туруктуулук, гендердик теңчилик жана өнүгүү менен кайра түзүүчү өзгөрүүлөрдүн ортосунда синегирияны жүзөгө ашыруу» Конференциясы Кыргыз Республикасындагы БУУӨП – ЮНЕП «Жакырчылык жана курчап турган чөйрө» кызматташтык демилгелери жана Кыргыз Республикасындагы «БУУ Аялдар» Өлкөлүк кеңсеси менен кызматташтыкта уюштурулган.