«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: ырчы Юлия Руцкая

November 12, 2015, 06:00

7-ноябрда кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы болуп өттү. Бул жолу бизде мейманда абдан таланттуу ырчы Юлия Руцкая жана отузга жакын жаш угуучу болду. Биздин жылдызыбыз балдарга бир нече жомокту, ал эми балдардын өтүнүчү боюнча Г.Х.Андерсендин дароо эки: "Принцесса на горошине" жана "Новое платье короля" жомокторун окуп берди.

 

Китеп окуу бүткөндөн кийин, көркөм сүрөт боюнча педагог Мария Бочконун жетекчилиги астында, балдар уккан жомоктордун каармандарынын сүрөтүн тартты. Анан, албетте, эстеликке жылдыз менен фото сүрөткө түшүштү.