Музыка - элдин жан-дүйнөсү: тажик музыкалык маданияты

November 12, 2015, 06:00

Музыка – элдин жан-дүйнөсү: тажик музыкалык маданияты

 

 24-ноябрь 14-00дө башталат 

 

К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы

Жантөшев көчөсү 115, Совет көчөсү менен кесилиште. 

 

Кирүү акысыз

 

 

Тажик тили диалекти болуп калган бир кездеги фарси тили региондук баарлашуунун башкы тили, илимдин жана классикалык адабият менен поэзиянын тили болгон.

 

«Музыка – элдин жан-дүйнөсү: тажик музыкалык маданияты» концертинде Сиздер улуу Омар Хайямжын жана Саадинин, Руминин жана Ибн-Синанын (Авиценнанын) тили кандай чыгаарын угуп, тажик бийлеринин пластикасын көрүп, тажик музыкалык аспаптарынын үнүнө ыракаттана аласыздар, ал үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Кыргыз Улуттук Консерваториясында өтөт. 14.00дө башталат. Тажик музыкалык маданиятынын концерт-презентациясы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» программасынын алкагында акыркысы болуп калат.

 

2014-2015-жылы «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» музыкалык-билим берүү программасы Бишкектин тургундарына жана борбор шаардын меймандарына Кыргызстандын этносторунун: корейлердин, карачайлардын жана балкарлардын, украиндердин, казактардын, дунгандардын, өзбектердин, азербайжандардын, түрктөрдүн, уйгурлардын, татарлардын музыкалык маданияты жөнүндө концерт-презентацияларды сунуш кылды.

 

Долбоорду «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ПРООНдун жана ЮНЕСКОнун колдоосунда Кыргызстан Калкынын ассамблеясы, Кыргыз Улуттук Консерваториясы менен бирдикте ишке ашырды.

 

Маалымкат үчүн телефондор: 660 384, 0772 800 376. Кең-кесири маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg