Андан ары окуу жана ИИОдо кызмат кылуу үчүн жогорку класстардын кыздарына кесиптик багыт берүү долбоору боюнча пресс-релиз

November 11, 2015, 06:00

2015-жылдын 11-13-ноябрында «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбооруна катышуу үчүн Нарын шаарынын жана Каракол шаарынын орто мектептериндеги жогорку класстардын окуучу кыздарын конкурстук тандоо өтөт. Тандоо учурунда катышуучуларга «Устат-3» долбоору жөнүндө, КР ИИМ Академиясында окуунун жана ИИОдо кызмат кылуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилет, ал эми насаатчы айымдар – Нарын жана Ысык-Көл областтарынын ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери ИИОдо кызмат кылуу жагынан өз тажрыйбасын бөлүшөт.

 

«Устат-3» долбоорунун максаты гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди чыңдоого жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

 

Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) КР ИИМ менен кызматташтыкта жана БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

 

Биздин коомдо милиция эркектин гана кесиби деген салт болуп калыптанып калган стереотиптер али да орун алууда. Ошону менен бирге Кыргызстанда ички иштер органдарында кайталангыс жана оң тажрыйба топтолгон. Укук тартип органдарында аял кызматкерлер ийгиликтүү эмгектенет, ИИМ Академиясында курсант кыздар окуйт, 2010-жылы Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясы түзүлгөн, ал Эл аралык полицей аялдардын ассоциациясынын анык мүчөсү болуп саналат.

 

ИИОнун тажрыйбалуу 30 кызматкери, анын ичинде Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясынын офицер айымдары долбоордун насаатчылары болуп эсептелет. Бардыгы болуп долбоорго Кыргызстандын бардык областтык борборлорунан 9-11-класстардын 60 окуучу кызы тандап алынат.

 

Насаатчылыкты жүзөгө ашыруу процессинде менторлор жана алардын үйрөнчүктөрү коомчулук менен ар кандай жолугушууларга катышат, зарыл баарлашуу жөндөмдөрүн жана кесиптик маанилүү сапаттарды өнүктүрүү боюнча тренингдерде окутуу өтөт.

 

Мындан тышкары, долбоор насаатчы катары ишке аялдарды гана эмес, ошондой эле алдыга коюлган максаттарды бөлүшкөн эркек кызматкерлерди тартуу максатын көздөйт, бул, өз кезегинде, алардын гендердик сезимталдыгын жогорулатууга жана, акыр аягында, милицияда кадрдык балансташууну жакшыртууга көмөктөшөт.