БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» программасынын алкагында «КРда жергиликтүү деңгээлде мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты алга илгерилетүү боюнча жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо»

November 11, 2015, 06:00

Жалал-Абад областында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «КРда мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоору боюнча тренингдер өтүп жатат, алар башталгыч класстардын окуучуларынын мектеп тамак-ашын жакшыртууга багытталган. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул программанын алкагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өнөктөрүнүн бири болуп саналат.

 

Тренингдин максаты – Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу программасын турмушка ашыруу, анын ичинде КРнын пилоттук мектептеринде мектеп тамак-ашын уюштурууга жардам, сатып алуулар жана азык-түлүктү берүүнүн ачыктыгын арттыруу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ата-энелердин жана активисттердин) маалымдар болушун жогорулатуу.

 

Тренингдер Чаткал районунун Терек-Сай айылында өткөрүлдү. Ар бир тренингге 35тен ашык адам катышат.

 

10-13-ноябрда тренингдер Терек Сай, Авлетим, Үч Коргон, Масы айылдарында жана Кербен шаарында өтөт. Эске сала кетебиз: мурда мындай тренингдер Чүй, Ысык-Көл, Ош, ошондой эле Баткен областтарында өткөн.

 

«Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» мектеп тамак-ашын түздөн-түз жакшыртууга багытталган иш-чаралар үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Күтүлгөн негизги натыйжа – мектеп тамак-ашы жагынан жакшыртылган мамлекеттик саясатка коомчулуктун оң мамилесин калыптандыруу, анын ичинде: мектеп тамак-ашын уюштурууга ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу; мектеп ашканаларында шарттарды жана инфраструктураны түзүү үчүн ЖӨБОнун жоопкерчилигин жогорулатуу; мектептин жанындагы көмөкчү чарбаларды уюштуруу жана мектеп тамак-ашы үчүн жүргүзүлүүчү сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ата-энелердин жана мектеп администрацияларынын таламдаштыгын арттыруу. Тренингге ЖӨБО, мектептердин администрациялары, райондук билим берүү башкармалыктары, ата-энелер комитеттери, камкорчу кеңештер, жергиликтүү коомдук лидерлер, жергиликтүү кеңештер жана айылдык ден соолук комитеттери, пилоттук эмес (ысык тамак бербеген) башка мектептердин администрациялары жана ата-энелер катышып жатат.