Бакай-Ата районундагы «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» фото көргөзмөсү

November 11, 2015, 06:00

Талас областынын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылында Теодор Герцен атындагы музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» фото көргөзмөсү өтүп жатат, деп билдирди Turmush кабарчысы.

 

Иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Андрес Лундгрен, РФнын КРдагы элчилигинин кеңешчиси Алексей Мзареулов, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева, Таластагы немецтик диаспоранын төрагасы А.Рифель, ыйгарым укуктуу өкүл Байышбек Джуманазаров, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Азият Жаркыналиева жана аким Канимет Осмонбеков катышты.

 

Иш-чаранын катышуучулары фото көргөзмө менен таанышты. Көргөзмөгө согуш жылдарындагы немецтердин тагдырын көрсөткөн жана Кыргызстандын аймагында 100 миңден ашык немец жашап турган экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан тартып жана советтик мезгил аяктаганга чейинки немецтердин ролу жөнүндө баяндаган фото сүрөттөр коюлган. Экспозицияны көзкарандысыз Кыргызстан менен Федеративдүү Германия Республикасынын ортосундагы өз ара мамилелердин тарыхы жөнүндө материалдар аяктайт.

 

Turmush