Детмольд шаарында россиялык немецтердин маданиятынын жана тарыхынын музейинде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачуу жөнүндө КРнын ФРГдагы Элчилигинин пресс-релизи

November 10, 2015, 06:00

2015-жылдын 8-ноябрында Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык жеринин Детмольд шаарында (ФРГ) КРнын ФРГдагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүн ачуу аземи болуп өттү. Көргөзмө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, ФРГнын КРдагы Элчилиги, Кыргызстан немецтеринин кеңеши 2014-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында ийгиликтүү уюштурган «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көргөзмөсүнүн ойдогудай уландысы болуп калды. Мурда мындай көргөзмө Элчилик тарабынан Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн Көчкүндөрдүн жана улуттук азчылыктардын иштери боюнча ыйгарым укуктуу Х.Кошиктин колдоосу менен Немецтер коомунда жана Берлин шаарынын Лихтенберг районунда Германиядагы Россиялык немецтердин федералдык коому менен бирдикте уюштурулган.

 

Көргөзмөнүн максаты немецтердин тарыхын жана алардын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын Германиянын кеңири коомчулугуна көрсөтүү болуп саналат. Детмольд шаары көргөзмөнү өткөрүү орду болуп бекеринен тандап алынган жок, анткени шаардын өзүндө жана андан өтө алыс эмес жерлерде Кыргызстандан көчүп кеткен көптөгөн немецтер жыйнактуу жашайт. Детмольд шаарындагы Россиялык немецтердин маданиятынын жана тарыхынын музейи Германиядагы өзүнчө түрдөгү жападан жалгыз музей болуп эсептелет жана немецтердин Россиянын аймагына жана андан ары Борбордук Азияга көчүшүнүн тарыхы боюнча кайталангыс тарыхый, архивдик жана илимий материалдарды камтыйт. Германиянын Бундестагынын депутаты, Казакстандан чыккан этностук немец жана мурдагы Советтер Союзунун немецтеринин ичинен Германиянын Парламентиндеги жападан жалгыз депутат Генрих Цертиктин демилгесинин жана колдоосунун аркасында көргөзмө Детмольд шаарынын музейинде өттү.

 

Меймандардын алдында музейдин башкармалыгынын төрагасы Виталис Хагельганс саламдашуу менен сөз сүйлөдү. Көргөзмө Детмольд шаарынын Бургомистри Райнер Хеллердин колдоосу менен уюштурулду. Көргөзмөнү ачып жатып, Р.Хеллер «Кыргызстан географиялык жактан Германиядан алыс жайгашкан, бирок Кыргызстандан келген немецтер эки өлкөнүн ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат» деп белгиледи. Бундестагдын депутаты Г.Цертик өз сөзүндө кыргызстандык немецтерди Кыргызстан менен байланыштарды аяр сактоого жана кеңейтүүгө чакырды.

 

«Немецтер Кыргызстандын жана Германиянын элдеринин ортосундагы маанилүү көпүрө болуп саналуу менен, Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошуп келген жана кошуп жатат», деп белгиледи өз сөзүндө Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Э.Оторбаев. Элчи кыргыз сүрөтчүсү Теодор Герценди, скульптор Якоб Веделди жана кыргызстандык немецтердин башка өкүлдөрүн өзгөчө белгиледи, алардын эмгеги Кыргызстандын тарыхына жана маданиятына маанилүү салым бойдон дайыма кала берет. Детмольд шаарынын музейинде Я.Веделдин скульптураларынын, ошондой эле Т.Герцендин ишинин бир бөлүгү турат.

 

Э.Оторбаев Кыргызстан Немецтер кеңешинин Төрагасы катары Валерий Дилдин Кыргызстандын немецтеринин маселелери боюнча ийгиликтүү иши жөнүндө маалымдады. Ошондой эле Элчи көргөзмөнү ачуу аземи өтүп жаткан Детмольд шаарынын музейинин жана Аугуст-Херман-Франке атындагы гимназия мектептин жетекчилигине көргөзмөнү уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Иш-чаранын учурунда теолог, Кыргызстандан келген немец Якоб Цвайнингер диндердин эркиндиги жөнүндө баяндама жасады, ал Кыргызстан ар бир адам дин тутуу эркиндигине укукка ээ болгон дин эркиндигинин аралы болуп келген жана ошол бойдон кала берет деп баса белгиледи. Музейдин директору Катарина Нойфельд көргөзмөнүн маңызы боюнча чакан экскурс менен сөз сүйлөдү. Иш-чаранын алкагында ошондой эле кыргызстандыктардын фотопортреттеринин көргөзмөсү көрсөтүлдү, алардын автору болуп Германияда жашаган кыргызстандык немец саналат.

 

Көргөзмөнү ачуу аземинде КРнын ФРГдагы Элчилигинин күчү менен жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Гулия Фритче тарабынан бардык жасалгаларын бар кооз кыргыз боз үйү тигилди, ал көргөзмөгө келгендердин жана Детмольд шаарынын тургундарынын зор кызыгуусун пайда кылды. Элчиликтин өкүлдөрү даярдаган кыргыз улуттук ашканасынын тамактарынан даам сызуу болуп өттү. Кыргызстандан келген немецтер меймандарга кыргыз салты боюнча казанга бышырылган даамдуу палоону сунуш кылды.

 

Кече гимназия мектептин музыканттарынын аткаруусунда кыргыз жана герман күүлөрү жана ырлары менен коштолду. Көргөзмөнүн ачылышына бардыгы болуп 400гө жакын адам катышты. Кече кыргызстандык немецтердин кичи мекениндеги – Кыргызстандагы турмушу жана эмгеги жөнүндө жагымдуу эскерүүлөр жана пикир алышуулар менен улантылды. Ошондой эле Детмольд шаарынын жергиликтүү ЖМКсынын көп сандаган өкүлдөрү катышты.

 

Детмольд шаарындагы көргөзмө 2016-жылдын 31-январына чейин созулат. КРнын ФРГдагы Элчилиги германиялык өнөктөр менен бирге ушундай көргөзмөлөрдү уюштурушу эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара мамилелердин тарыхы жөнүндө маалыматты жайылтуу жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы маданий өз ара аракеттерди кеңейтүү максатында өткөрүлүп жатат.