Ноокаттын мугалим айымдары үчүн компьютержик сабаттуулук боюнча ишемби мектептери

November 10, 2015, 06:00

Ноокат районунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен айымдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча эки ишемби мектеби ачылды. Гулистан жана Төөлөс айыл округдарынын мектептеринин математика, физика, биология, химия, информатика боюнча 60 мугалими мектептин катышуучулары болуп саналат. Катышуучулардын курагы 35 жаш жана андан жогору.

 

Ноокат районундагы ишемби мектептери Ош шаарынын аялдары үчүн жайкы ишемби мектептеринин уландысы болмокчу. Ош жайкы мектебинин катышуучуларынын башкы каалоосу Кыргызстандын айылдарындагы аялдар үчүн компьютердик сабаттуулук боюнча сабактарды уюштуруу болуп калды. Ноокат районунун мектептери Фондго сабактар үчүн өздөрүнүн компьютердик класстарын берүү сунушу менен кайрылды.

 

«Компьютердик сабаттуулук» курсу МКТ жагынан билим деңгээли нөл болгон пайдалануучуларды, ошондой эле ПК менен иштөөнүн базалык жөндөмдөрүнө ээ болгон адамдарды компьютер менен иштөөгө үйрөтүүгө арналган.

 

Курс окулган материалдарды жана тесттерди өздөштүрүү үчүн анимацияны, машыктыргычтарды пайдалануу менен сабак, видео лекция түрүндө өткөрүлөт.

 

Катышуучулар компьютер, офистик программалар менен иштөөнү иш жүзүндө өздөштүрөт, компьютердик жана интернет-терминологияны үйрөнөт, компьютердик коопсуздуктун жана купуялыктын негиздери, интерактивдүү доскада иштөө менен таанышат.

 

Сабактар 2015-жылдын 7-ноябрынын 6-декабрына чейин ар бир ишемби сайын саат 09:00-13:00дө Ноокат районунун М.Бостонбаев атындагы орто мектебинде жана М. Гапаров атындагы гимназия мектебинде өтөт.