Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз

November 7, 2015, 06:00

Урматтуу журналисттер!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун атынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык кызматкерлерин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайбыз!

 

Журналисттин кесиби – уникалдуу, кызыктуу жана ошол эле учурда татаал кесиптердин бири. Дал журналисттер коомдук пикирди калыптандырат, тигил же бул маалыматты тиешелүү деңгээлде берүү журналисттин кесипкөйлүгүнө байланыштуу.

 

Кыргызстан демократиянын өлкөсү, эркиндиктин аралы. Эркин көзкарандысыз ЖМКлар – бул демократияны, эркиндикти сактоонун жана адам укуктарын урматтоонун кепилдиктеринин бири.