«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: Анара Алимбекова – Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси

November 7, 2015, 06:00

31-октябрда кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы болуп өттү, бул жолу Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анара Алимбекова балдарга китеп окуп берди. Балдар 70ке жакын болду. Анара Исраиловна балдарга Р.Погодиндин "Рассказы про Кешку и его друзей" китебин окуп берди. Жолугушуунун учурунда жарык өчүп калды, андан ары жомокту шамдын жарыгы менен окушту. Балдар тынч отуруп жана Радий Погодиндин аңгемелерин укту.

 

Эске сала кетсек, «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун максаты – жаш муунда китеп китеп окууга жөндөмдөрдү жана муктаждыкты, китепти урматтоону тарбиялоо, үй-бүлөлүк китеп окуу салттарын өнүктүрүү. Долбоордун алкагында мектеп окуучуларынын өлкөбүздүн көрүнүктүү инсандары, чет мамлекеттерден келген меймандар менен жолугушуулары өтүп турат.