«Гений» радио берүүсү: Аутизмге чалдыккан балдардын мектеп билим берүүсүнө жеткиликтүүлүгү

October 28, 2015, 06:00

Билим берүүгө жеткиликтүүлүк – ар бир кыргызстандыктын өлкөнүн Конституциясы менен кепилденген укугу. Бирок кичинекей жарандардын айрым бир тобуна бул укук тиешелүү эместей, балдарда мектепке чейинки, мектептик билим алууга жеткиликтүүлүк жок.


Аутизмге чалдыккан балдардын ата-энелери биригишип өз күчтөрү менен алардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүүдө.


Алсак, Бишкектеги № 34 адистештирилген мектептин алдында өткөн жылдан тартып аутизмге чалдыгуу формасы оор жана орто, сүйлөөсү өтө кечеңдеген балдар үчүн класс иштеп жатат. Долбоордун уникалдуулугу аутизм менен жабыркаган балдарды окутуу үчүн алдыңкы өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбалары колдонулуп жаткандыгында турат. Мисалы, ар бир окуучунун жеке тьютору (улуу ассистенти) бар, ал балага программаны өздөштүрүүгө жана башка балдар менен мамиле түзүүгө жардам берет, класстагы жана мектептеги туура жүрүм-турумга үйрөтөт.