Бишкекте музыкалык терапия боюнча киришүү семинары болуп өттү

October 26, 2015, 06:00



Музыкалык терапия боюнча киришүү семинарынын пост-релизи

 

23-24 октябрь, 2015-ж., Бишкек ш.


 

2015-жылдын 23-24-октябрында Бишкек шаарында музыкалык терапия боюнча киришүү семинары болуп өттү. Семинардын машыктыруучусу Гамбург шаарынын Музыка жана театр жогорку мектебинин профессору, доктор Ханс-Хельмут Деккер-Фогт, музыкалык терапевттер Моника Тереза ХугАнтинк, Тина Поссельт болушту. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду, “Үмүт-Надежда” Балдар реабилитациялык борбору жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы семинардын уюштуруучуларынан болушту.

 

60тан ашык адам: КРСМ Психикалык саламаттык борборунун адистери, онкологиялык оорулуу балдар үчүн жайдын волонтерлору, МУЦА, КРСУ, Арабаев атындагы КМУ студенттери жана психология кафедраларынын педагогдору, балдар бакчасынын тарбиячысы жана музыкалык терапиянын усулун үйрөнүүнү каалаган жеке адамдар эки күндүк семинардын катышуулары болушту.

 

Музыкалык терапия Европа, Япония, АКШ, Россия өлкөлөрүндө кеңири пайдаланылат. Аны дарылоо, жетим балдарды, онкологиялык оорусу бар пациенттерди, катуу оорулууларды, психикалык проблемасы бар пациенттерди реабилитациялоо жана жардам берүү үчүн, психиатрияда жана ал түгүл түрмөдө камалгандар үчүн да пайдаланат.

 

Музыкалык терапиянын маңызы музыканы жана музыкалык инструменттерди психикалык жардам берүүнүн ыкмасы катары пайдалангандыгында турат. Музыкалык терапиянын бардык ыкмалары так илимий негизге жана ырастоого ээ. Мисалы пациенттин музыкалык инструментти тандап алышы терапевтке анын керектөөлөрү жөнүндө кабарлайт. Алсак, энелик сүйүүгө жана мээримге керектөөнү башынан кечирип жаткан пациент аялдын келбетин элестеткен инструментти издейт. Урма аспап пациенттин жагымсыз энергиясынын жана кыжырдануусунун ашыгын чыгарууга жардам бериши мүмкүн.

 

Семинардын программасы маалыматтарды жана практикалык сабактарды өзүнө камтыйт.

 

Немец адистери эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү жана окутуучусу музыкант Нурбек Серкебаев менен бирге иштешкен сессия кызыктуу болду. Профессор Декер-Фогт түшүндүргөндөй музыкант комузда же ооз-комузда ойногон убакта медитацияга окшош транс абалга кирип кетет. Бул мыкты дарылоочу натыйжага ээ.