Кыргызстандын студенттеринин, кытай мигранттарынын жана кытай капиталы менен ишканалардын ортосунда Конфуция Институтунун Кубогуна үстөл тенниси боюнча турнир

October 29, 2015, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ өкүлү Асель Юсупова Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде болуп өткөн үстөл тенниси боюнча Кубоктун ачылышына катышты. Кубок БГУнун алдындагы Конфуция Институту тарабынан уюштурулду.

 

Кубоктун ачылышында Раззаков атындагы КТУнун ректору жана КЭРдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлү сүйлөштү, мелдештерге Бишкектин жогорку окуу жайларынан, биргелешкен кыргыз-кытай ишканаларынан 12ден ашык команда катышты.

 

Эки этапта болуп өткөн мелдештин максаты – Кытай маданиятын колдоо жана алдыга жылдыруу, коңшу өлкөнүн улуттук спорттук духун пропагандалоо жана Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуция Институтунун өлкөнүн башка жогорку окуу жайлары менен достугун жана өз ара түшүнүүсүн чыңдоо.

 

Биринчи этапта төмөнкү мелдештер өткөрүлдү:

студенттер арасында өзүнчө – аралаш командалык мелдештер (эркектер жана аялдар), жеке (эркектер жана аялдар);

кытай элчилигинин кызматкерлеринин, кытай мигранттарынын жана кытай ишканаларынын ортосунда өзүнчө – аралаш командалык мелдештер (эркектер жана аялдар чектөөсүз), жеке (эркектер жана аялдар).

 

Экинчи этапта Кыргызстандын улуттук командасы, студенттердин курама командасы, кытай ишканаларынын курама командасы жана Конфуция Институтунун өкүлдөрүнүн курама командасы чыгышты.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ кийинки жылда Конфуция Институту менен бирдикте Бишкек шаарынын билим берүү мектептеринин катышуусунда үстөл тенниси боюнча Кубок уюштурууну пландаштырып жатат.

Үстөл тенниси тездикти, реакцияны өнүктүрүүгө өбөлгө болот, кандай гана болбосун куракта ден соолукту кармоого мүмкүнчүлүк берет. Бул кымбат эмес жана көпчүлүк өлкөлөрдө популярдуу спорттун түрү олимпиадалык дисциплина болуп саналат.