Баткен шаарында “Баткен-достук калаасы” фестивалы өтөт

October 28, 2015, 06:00

30-октябрда Баткен шаарындаБаткеностук калаасыаттуу фестивал өтөт.


Фестивал Баткен областында толеранттуулукту, көп түрдүүлүк идеяларды жайылтуу, этностордун ортосундагы достукту бекемдөө жана өсүп келе жаткан муунду достуктун жана биримдиктин духунда тарбиялоо максатын көздөйт.


Фестивалдын алкагында Баткен областында жашаган элдердин турмуш тиричилик, элдик чыгармачылык, тамак-аштары жана “Биздин жашоо суу жана жайыт ресурстарысыз” деген аталыштагы көргөзмөлөр уюштурулат. Мектеп окуучуларынын арасында “Мени курчап турган дүйнө” аттуу асфальтка сүрөт тартуу жана улуттук оюндар боюнчаконкурстар өтөт. Андан тышкары Областтык музыкалык драма театрдын астында тигилген боз үйдө мектеп окуучуларына жана ата-энелерге жылдыздар китеп окуп беришет. Андан кийин “Музыка элдин жан дүйнөсү” аттуу ар кыл улуттун өкүлдөрүнөн куралган искусство чеберлери концерттик программа тартууланат.

 

Бул фестивал,Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу жана Ага Хан фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан“Инфраструктураны жакшыртуу жана суу, жайыт ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттардын потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаевананын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, КР Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.

 

Фестивалга Улуу Британиянын элчилигинин өкүлдөрү, Ага-Хан фондунун жооптуу кызматкерлери, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору – Кендирбаева Д. Ш., КР Баткен областындагы Өкмөттүн атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Ж. П., Баткен областында жашаган ар кандай улуттун өкүлдөрү, Баткен областындагы окуу жайлардын студенттери катышышат.

 

“Баткен - достук калаасы” фестивалы 2015-жылдын 30-октябрда Баткен шаарындагы Апас Жайнаков атындагы музыкалык драм театрда жана ыйгарым укуктуу өкүлчүктүн жанындагы кичи аянтта өтөт. Сааты 9:00 – 14:00.

 

Кошумча маалымат үчүн www.roza.kg сайты же 0312 66 03 68, 0556 54 91 54 телефондору аркылуу кайрылыңыздар.