«Эко-селфи» жана «Эко-фото аңчылык» конкурстарынын жеңүүчүлөрү

October 22, 2015, 06:00

2015-жылдын 20-сентябрында (шейшемби) «Эко-селфи» жана «Эко-фото аңчылык» конкурстары боюнча калыстар тобунун жыйналышы өттү, анын жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй 10 байгелүү адам тандап алынды:

"Эко-селфи" конкурсу - 3 адам;

"Эко-фото аңчылык" конкурсу - 7 адам.


Калыстар тобунун курамына төмөнкүлөр кирди:

1. "Prego" үй-бүлөлүк ресторандар тармагынын директору Чыныбаева Айжан,

2. "ЫРЫСТАН" коомдук фондунун директору Ветошкин Дмитрий,

3. КР Фотожурналисттер Союзунун өкүлү Гайнанов Роман,

4. «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун PR менеджери Колесникова Мария.


Калыстар тобунун мүчөлөрү жеңүүчүлөрдү төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандап алды:

- конкурстун темасына шайкештик

- композициянын оригиналдуулугу

- фотосүрөттүн сапаты

Конкурсанттардын иштеринин көпчүлүгүнүн сапаты техникалык критерийлер боюнча начар экендигин белгилеп кетүү керек. Бирок көптөгөн кызыктуу иштер болду, алардын ичинен төмөнкүлөр жеңүүчүлөр болуп калды:


"Эко-селфи" конкурсу:

1-орун - Нурсеит Бакиров

2-орун - Мария жана Виктория Наумовдор

3-орун - Темирбек Алымбеков


"Эко-фото аңчылык" конкурсу:

1-орун - Аида Нурманбетова

2-орун - Ирина Романовская

3-орун - Мария Наумова

4-орун - Рейхана Турдиева

5-орун - Гулайым Донбаева

Кызыктыруучу байге - Нурзат Сулайманова

Кызыктыруучу байге - Сапаргуль Абдинабиева


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 24-октябрда Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде өтөт, ал жерде ошондой эле конкурсанттардын эң кызыктуу иштеринин көргөзмөсү өтөт.


"Эко-селфи" жана "Эко-фото аңчылык" конкурстары «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан "ЫРЫСТАН" жамааттарды туруктуу өнүктүрүү коомдук фонду жана Кыргызстандын Фотожурналисттер Союзу менен бирдикте өткөрүлүп жатат.


Конкурстар төмөнкүлөрдүн колдоосу менен өткөрүлүүдө:


- "Prego" үй-бүлөлүк ресторандар тармагынын (www.prego.kg)

Prego итальян тилинен которгондо сылыктык маанини билдирет. Бул Италия үчүн эң демейки ресторан жана Бишкек үчүн демейдегиден башкача ресторан, италиялык ресторан.


- "RIO Social Dance School" социалдык бий мектебинин (www.facebook.com/rio.sds)

Кыргызстанда социалдык бийлерди үйрөтүү боюнча мыкты мектептердин бири. Үйрөтүп гана тим болбостон, ошондой эле толгон-токой жакшы сезимдерди жана таасирленүүлөрдү тартуулаган мектеп!


- "Libro" китеп дүкөнүнүн (www.libro.kg)

Libro – жөн гана ишкер, кесипик жана бизнес адабияттын интернет-дүкөнү эмес. Бул команда, анын башкы милдети өзүнүн кардарларына дөөлөттөрдү жеткирүү болуп саналат.


- "Good Food" таза тамак дүкөнү  (www.facebook.com/Goodfood-Bishkek-460366104086950)

Кафе-дүкөн, анын негизги урааны «Бүгүн жасалды – бүгүн сатылды»: бардык тамак-аштар эртең менентен тартып даярдалат жана кечке чейин сатылып бүтөт. Good Food – бул дайыма таза, жаңы жасалган тамак.