«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: театр жана кино актеру Марат Амираев

October 20, 2015, 06:00

17-октябрда кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү. Иш-чаранын максаты – балдарга китеп менен дос болууга жардам берүү, окулган жомоктун аркасында өздөрүнүн наристелери кандай ой жүгүртүүлөргө жана чыгармачыл жетишкендиктерге кудуреттүү экенин ата-энелерге көрсөтүү. Өткөн ишембиде театр жана кино актеру Марат Амираев балдар менен иш алып барды.


В. Драгунскийдин «Денискины рассказы» китебинен бала жөнүндөгү таржымал балдарга да, окуп жаткан адамга да жакты. Алар башкы кармандын аракеттерин бирге талкуулады, тыянактарды чыгарды жана баары бирге китептин каармандарын кагазга түшүрүүгө киришти. Китептин кейипкерлерин туура тартуу техникасын көркөм сүрөт тартуу боюнча педагог Мария Бочко көрсөттү. Бардык сүрөттөр абдан кызыктуу жана кооз тартылды. Андан соң биздин бардык меймандарыбыз жылдыз менен эстеликке сүрөткө түштү.