Фотоотчет. «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясынын экинчи этабы

October 20, 2015, 06:00

Өткөн ишембиде, 17-октябрда, шаардын турак жай конуштарынын жана кичи райондорунун 15 мектебинде 5000ден ашык көчөт отургузулду.

 

«Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» эко-акциясы деген аталыштагы бул иш-чара «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин колдоосу аркасында Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүлдү.

 

№ 89 мектептеги салтанаттуу иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору С.С. Атаджанов, Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Н.В. Никифорова жана Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.А. Кыдыргычев катышты.

 

Көчөттөрдү отургузууга мектептердин администрациялары, 11- жана 1-класстардын окуучулары катышты. Жогорку класстардын окуучулары көчөттөрдү отургузушунун идеясы алар бүткүл жыл бою бактар жөнүндө камкордук көрүп жана окуу жылынын аягында бул көчөттөрдү 1-класстардын окуучуларынын камкордугуна жана кайтаруусуна өткөрүп берээринде турат. Бул болсо балдарда курчап турган чөйрө жана өз шаарынын тазалыгы үчүн жоопкерчилик сезимин пайда кылат деп үмүттөнөбүз.

 

Эске сала кетсек, бул долбоордун алкагында 2015-жылдын жазында «Жашыл Бишкек: мектептин жанын жашылдандыруу» акциясы өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө Бишкектин 6 мектебинин аймагында 1 миң 200дөн ашык көчөт отургузулган.

15 мектеп үчүн көчөттөр боюнча сунуштамаларды эксперт, "ЫРЫСТАН" коомдук фондунун директору Д. Ветошкин берген.

 

Фотсүрөттөрдү В.С. Пархоменко берди