Баткенде жана Ошто «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоору боюнча тренинг өтүп жатат

October 20, 2015, 06:00

16-20-октябрда өлкөнүн түштүгүндө Баткен жана Ош облустарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» долбоору боюнча тренинг өтүп жатат, ал башталгыч класстардын окуучуларынын мектеп тамак-ашын жакшыртууга багытталган. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бул программанын алкагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу өнөктөрүнүн бири болуп саналат.

 

Тренингдин максаты – Мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу программасын турмушка ашыруу жөнүндө жергиликтүү жамааттардын (анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ата-энелердин жана активисттердин) маалымдар болушун арттыруу, анын ичинде КР пилоттук мектептеринде мектеп тамак-ашын, сатып алууларды уюштурууда жана азык-түлүктү берүүнүн ачыктыгын жогорулатууда жардам берүү.

 

Тренингдер 16-17-октябрда Лейлек районунда, Ак- Булак айыл округундагы Ак-Булак орто мектебинде, ошондой эле Баткен районунда, Кар - Бак айыл округундагы Байназаров орто мектебинде өттү. Кадамжай районунда, Халмион айыл округундагы Т.Сатылганов атындагы орто мектепте, ошондой эле Кадамжай шаарындагы А.Масалиев атындагы орто мектепте өттү. Тренингдерге жалпысынан 37 адам катышты.

 

19-октябрда тренинг Ноокат районунда, Көк-Жар айыл округундагы Мамытов атындагы орто мектепте, Алай районунда Гүлчө айыл округундагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы орто мектепте өттү.

 

Ошондой эле тренинг 20-октябрда Өзгөн районунда, Мырзаке айыл округундагы Калмурзаев атындагы орто мектепте өтөт.

 

Эске сала кетели: 9-октябрда ушундай тренингдер Ысык-Көл облусунун Түп районунда, ошондой эле Чүй облусунун Панфилов районунда өткөн. Тренингге жалпысынын 71 адам катышты.

 

«Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу» түздөн-түз мектеп тамак-ашын жакшыртууга багытталган иш-чаралар үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Негизги күтүлгөн натыйжа – мектеп тамак-ашы жагынан жакшыртылган мамлекеттик саясатка коомчулуктун оң мамилесин калыптандыруу, анын ичинде: мектеп тамак-ашын уюштурууга ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу; мектеп ашканаларынын шарттарын жана инфраструктурасын түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу; мектептин алдындагы көмөкчү чарбаларды уюштуруу үчүн ата-энелердин жана администрациянын таламдаштыгын арттыруу жана мектеп тамак-ашы үчүн жүргүзүлүп жаткан сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Тренингге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мектептердин администрациялары, райондук билим берүү башкармалыктары, ата-энелер комитеттери, камкорчу кеңештер, жергиликтүү коомдук лидерлер, жергиликтүү кеңештер жана айылдык ден соолук комитеттери катышып жатат.