Кыргызстандын экс-президенти Р.И.Отунбаева Миграция жана өнүктүрүү маселелери боюнча Глобалдык Форумга катышты

October 19, 2015, 06:00

Стамбулда Миграция жана өнүктүрүү маселелери боюнча Глобалдык Форум аяктады, ал дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүнөн өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, бизнестин жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн чогултту. БУУнун баа берүүсү боюнча, Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин дүйнө жүзү боюнча мажбурлап орун которгон адамдардын саны биринчи жолу 50 миллиондон ашык качкынды, 240 миллиондон ашык эл аралык мигрантты түздү. Миграция маселелери соңку жарым жылда дүйнөнүн күн тартибинде курч турууда: деңиз аркылуу Европанын жээгине 613 миң качкын келди, 3 миңден ашыгы деңизден сүзүп өтүү учурунда набыт болду. Бирок миграция өнүгүүнүн маанилүү фактору да болуп саналат, андан дүйнөнүн дээрлик бир да өлкөсү качып кутулган эмес: өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө тышкы жана ички миграциянын деңгээли динамикалуу бойдон калууда. Миграциянын жана өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн тыгыз байланышы бардык мамлекет жана өкмөт башчылары жаңыдан гана бекиткен БУУнун «Дүйнөнүн күн тартиби 2030» документинде жазылган.

 

Бул Форумдун ишине Кыргызстандын экс-президенти Р.И. Отунбаева, КРнын Стамбулдагы Башкы Консулдугунун кызматкерлери катышты. Роза Исаковна ошондой эле МОМдун Директоруна караштуу Консультациялык Кеңештин мүчөсү катары анын жыйналышынын ишине катышты.