«Жайлоодогу мыкты өнүктүрүү борбору - 2015» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү

October 10, 2015, 06:00

8-октябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоодогу балдар бакчалары 2015-өнүктүрүү борборлору» долбоору боюнча отчеттук чогулуш болду. Чогулушта долбоордун ийгиликтери, жетишкендиктери жана келечектери талкууланды, ошондой эле «Жайлоодогу мыкты өнүктүрүү борбору - 2015» конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды.

 

Чогулушка «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И. Отунбаева, КР Социалдык өнүгүү министри Базарбаев К.Б., КР Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, илим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары Турганова Замира Казыбаевна, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этнос аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рысбаев Б.К., КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Дүйшөнбиева А.К., КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректорлору, региондук жайыт комитеттеринин мүчөлөрү, «Жайлоодогу мыкты өнүктүрүү борбору - 2015» конкурсунун жеңүүчүлөрү катышты.

 

Жайлоодогу балдар бакчаларын уюштурууга жигердүү катышкан жана балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө өз салымын кошкон тарбиячылар, коомдук ишмерлер, ата-энелер Түркияга жолдомо алды.

 

Катардагы тарбиячылар, жайыт комитеттеринин башчылары, өлкөбүздүн бийик тоолуу райондорундагы эмгекчилер конкурстун жеңүүчүсү болуп калды. Алардын көпчүлүгү али чет өлкөгө барып көргөн эмес. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду аларга ушундай мүмкүнчүлүк бергенине куштар.

 

Конкурстун натыйжалары боюнча БОЗ ҮЙ башкы байгеси Лейлек районунун Лейлек айыл округундагы "Ак Шумкар" жайлоо бала бакчасына – өнүктүрүү борборуна тийди. 

 

 

«Жайлоодогу мыкты өнүктүрүү борбору - 2015» конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:


 

ФАЖ, облус/район



Номинация

 Сыйлык

 

Умарова Асылкан - “Ак-Шумкар” жайлоодогу бала бакчасынын директору. 
(Баткен облусу, Лейлек району, Лейлек АК, Кара-Суу айылы)

“Тарбиячы -новатор”
Башкы байге

 Боз үй

 

Шаршеева Жеңишкүл - “Ананайка” жайлоодогу бала бакчасынын.
(Жети-Өгүз району, Чоң-Кызыл-Суу АО)

“Тарбиячы -новатор”

Түркияга сапар

 

Исмаилов Жунус - Мады АК жайыт комитетинин башчысы.
(Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Чукур жайлоосу)

 “Үлгүлүү өнүктүрүү борбору”

Түркияга сапар

 

Бейшебаева Жанымгул - №15 балдар бакчасынын башчысы,  
Нарын шаары жана Солтон-Сары жайлоодогу бала бакчасы тарбиячысы (Нарын облусу)

“Тарбиячы -новатор” 

Түркияга сапар

 

Садыбакасова Таалайкүл - “Бүчүр” өнүктүрүү борборунун тарбиячысы.
(Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон АО)

 “Үлгүлүү өнүктүрүү борбору”

Түркияга сапар

 

Байматова Кымбат - өнүктүрүү борборунун уюштуруучусу
(Талас облусу, Талас району, Айдаралиев АО) 

 “Үлгүлүү өнүктүрүү борбору”

Түркияга сапар

 

Чыныбаева Гүлсүн – Жети-Өгүз районунун аялдар комитетинин төрага. 
(Ысык-Көл облусу)

“Демилгелүү ата-эне”

Түркияга сапар

 

Сатиев Сейдакмат – Ат-Башы райондук жайыт комитетинин төрагасы
(Нарын облусу)

“Демилгелүү ата-эне”

Түркияга сапар

 

Султанкулова Динара – өнүктүрүү борборунун тарбиячысы.
(Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Өзгөрүш АО)

“Тарбиячы -новатор” 

Түркияга сапар

 

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!