Кыргызстандык жаштар өздөрү аздектеген адамдар менен жолукту

October 10, 2015, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, учкуч-космонавт, КР жана РФ баатыры Салижан Шарипов жана азыркы бийлерди аткаруучу Атай Өмүрзаков республиканын жаштары үчүн «Ийгиликтин сабактарын» өткөрдү.

 

Бишкекте «Ийгиликтин сабактары» деген ураан менен жаштардын жолугушуусу болуп өттү, ал Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынан 14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 70тен ашык уландар менен кыздарды чогултту. Белгилеп кетүү керек, ушул жылдын жайында өткөрүлгөн «Жаштар тынчтык өзгөрүүлөрдү жактайт» долбоорунун бардык 14 пилоттук муниципалитеттеринде катышуучулардын арасындагы добуш берүү аркылуу балдар лекторлорду өздөрү тандап алды.

 

Роза Отунбаева, Салижан Шарипов жана Атай Өмүрзаков ийгиликтин өз формуласы жөнүндө айтып беришти, турмушундагы кызыктуу жана сабак болорлук окуяларын катышуучулар менен бөлүштү.

 

- Адам сөзсүз түрдө өз алдына максаттарды коюуга жана кыялданууга тийиш. Бир күндүк максаттан баштоо, андан соң бир айга, бир жылга жана андан аркы милдеттерди белгилөө зарыл, – деп кеңеш берди балдарга учкуч-космонавт Салижан Шарипов.

 

Атай Өмүрзаков Кыргызстанда көпчүлүгү өзүнө ишене бербейт деп эсептейт.

 

- Менин апам мага ишенчү, ошонусу менен мага абдан жардам берди. Менин күзгү тагылган кичинекей бөлмөм бар болучу, аны карап алып жана өзүмдү көрүп, Европадагы сахнада бийлеп жатканымды элестетчүмүн. Айланада камералар, түркүн түстүү лампочкалар жаркырап күйүп турат, көрөрмандар дүркүрөтүп кол чаап жатат... 2011-жылы Чехословакиянын сахнасында менин тилегим ишке ашты. Өзүңөргө ишенгиле, шыгыңарды арттыргыла, ошондо сөзсүз түрдө максатыңар аткарылат! – деп айтты Өмүрзаков.

 

Роза Отунбаева билим алууга басым жасады. – Эң маанилүүсү – бул билим. Күн сайын китептин жок дегенде 20 бетин окугула. Окугула! Өзүңөр окугула. Өз бир туугандарыңарга китеп окуп бергиле, анан силер адам деген атка татыктуу инсан болуп чыгасыңар. Билимге умтулгула. Билимдүү адамдар эч качан ишсиз калбайт.

 

Долбоордун уюштуруучулары ийгиликке жетишүү үчүн өзүнө бардык зарыл сапаттарды айкалыштырган инсандар менен жолугушуу жаштардын келечекте өз алдынча өөрчүшүндө алар үчүн мыкты дем болуп калат деп эсептешет.

 

Долбоордун алкагында өткөрүлгөн региондордогу жаштардын муктаждыктары жөнүндө изилдөөлөргө ылайык, алда канча көп талап кылынгандардын арасында биринчи орунду спорт менен машыгуу ээлейт, андан соң ишке орношууга, кошумча билимге жана ар кандай жөндөмдөрдү алууга муктаждыктар турат.

 

Бул платформа сабырдуулукту, ар түрдүүлүктү урматтоону жана өлкөнүн өнүгүшүнө жаштардын алда канча жигердүү жарандык катышуусун актуалдаштырууга чакырылган. Ролдук моделдер менен жолугушууларды өткөрүү улан-кыздардын социалдашуусуна көмөктөшүп, региондордо жашаган балдардын четте калдым деген сезимин азайтат.

 

Жаштардын «Ийгиликтин сабактары» улуттук жолугушуусу ПРООНдун, ЮНФПАнын жана ЮНИСЕФтин долбоорун турмушка ашыруу программасы боюнча өтүп жатат. БУУнун Дүйнөнүн курулушу фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты жаштардын мамлекеттин коомдук турмушуна катышуусу жана жарандык катышуу жөндөмдөрүнө ээ болуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүдө турат.