«Ар кандай тармактардагы АБР: Биология боюнча ачык билим берүү ресурстары»

October 10, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор! Биз силерге «Ар кандай тармактадагы АБР» деген аталыштагы рубрика ишке киргизилгендиги жөнүндө билдирүүгө куштарбыз, ал жерде силер ар кандай тематикалар боюнча билим берүү ресурстары, е-окуу китептери, аудио жазуулар, фидео сабктар жана башкалар менен тааныша аласыңар.

 

Бүгүн силердин көңүлүңөргө биология боюнча билим берүү ресурстарын сунуш кылабыз.

 

http://library.biom.kg/

«БИОМ» экологиялык кыймылы – 1993-жылы түзүлгөн, ыктыярдуу негизде жаш адистерди, илимпоздорду жана лидерлерди бириктирген, КРнын жана Борбордук Азия регионунун экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө катышкан коомдук коммерциялык эмес уюм. «БИОМ» экологиялык кыймылынын китепканасы Кыргызстандын жана дүйнөнүн илимпоздорунун эмгектерин камтыйт.

 

http://www.edc.kg/biblioteka.html

Кыргызстанда билим берүү жана окутуу жөнүндө маалыматтык порталдын онлайн-китепканасында - edc.kg (Education Development Center in Kyrgyzstan – Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү борбору) сабактар боюнча мектеп окуу китептери, маалымакат колдонмолору, сөздүктөр, атап айтканда, «Биология» сабагы боюнча ушундай окуу куралдары берилген. Бардык окуу китептери жана электрондук китептер pdf же DjVu форматында жайгаштырылган.

 

http://moodle.nci.kz/course/view.php?id=139

Бул сайт Казакстандын мектептеринде берилүүчү ар кандай сабактар боюнча, анын ичинде биология боюнча санариптик билим берүү ресурстарын камтыйт.

 

http://interneturok.ru/ru/school/biology/5-klass

Сайт мыкты структуралаштырылган жана 1–11-класстар үчүн бардык сабактарды, анын ичинде биология боюнча табигый-илимий циклдеги видео сабактарды, конспекттерди, тесттерди жана тренажерлорду камтыйт. Бул база жаңы окуу материалдары менен дайыма толукталып турат.

 

http://videouroki.net/view_catfile.php?cat=78

Сайт биология боюнча көптөгөн билим берүү материалдарын, анын ичинде презентацияларды, тесттерди, мугалимдер үчүн документтерди, стенддерди жана башкаларды камтыйт. Сайт мугалимдерге, ошондой эле мектеп окуучуларына пайдалуу.

 

http://biology-online.ru/

«Биология онлайн сабактары» сайты – коммерциялык эмес долбоор, биология сабактарын даярдоо жана өткөрүү үчүн колдонулат. Курс лекциядан: тексттен, фильмдерден, сүрөттөрдөн жана тесттерден турат. Мугалимдер үчүн ошондой эле окуу-усулдук комплекстер жана конспекттер жайгаштырылган.

 

http://bio.1september.ru/urok/

Сайт биология, анын ичинде ботаника жана зоология боюнча 1000ден ашык макалаларды камтыйт. Сайтты түзүүгө негиз болгон бардык материалдар «Биология» журналында жарыяланган. Журналдын кагаз же электрондук версияларына жазылуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

http://www.uchportal.ru/load/76

Биология боюнча мультимедиалык тесттерди, класстан тышкаркы иш-чараларды жана кала берсе контролдук иштерди ушул ресурстан табууга болот. Сайт медициналык факультеттердин студенттери үчүн өзгөчө пайдалуу.

 

http://bioenc.ru/

Сайттан биология жана медицина боюнча соңку жаңылыктарды, биология боюнча макалаларды жана журналдарды табууга болот. Бул илимге кызыккан ар бир адам ал жөнүндө организмдердин классификациясынан тартып жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүнө чейин бардыгын таба алат. Бул интернет ресурс мектеп окуучуларына, ошондой эле чоң кишилерге пайдалуу боло алат.

 

http://www.openclass.ru/

Бул долбоор РФнын Кадрларды даярдоо борбордук фонду тарабынан ишке ашырылат. Тигил же бул сабак, анын ичинде биология боюнча өз билимдерин толуктоону каалагандар үчүн жакшы сайт. Сайт материалды бекемдөө үчүн өзүнө биология боюнча китептердин жыйнагын, журналдарды, презентацияларды жана көп сандаган башка материалдарды камтыйт. Балдарга кроссворддор жана интерактивдүү окутуу үчүн оюндар бар.

 

http://window.edu.ru/catalog/?p_rubr=2.2.74.2

Бул биология жагынан ар кандай тема боюнча окуу китептеринин жыйнагы. Ушул порталдан силер биология боюнча окуу китептерин онлайн жана катталбастан акысыз жазып жана окуй аласыңар. Бул бет биология боюнча мектеп окуучулары жана ЖОЖдор үчүн окуу китептерин, окутуучулар үчүн усулдук окуу куралдарды, маалыматтык материалдарды, пайдалуу шилтемелерди жана көптөгөн кызыктуу материалдарды камтыйт.

 

http://www.bioone.org/ (англис тилинде)

Маалымат сактагыч биология, курчап турган чөйрө боюнча 86дан ашык илимий журналдарды камтыйт, аларды илимий жамааттар, музейлер жана Америкалык биологиялык илимдер институтуна мүчө болгон башка уюмдар жарыялап турат.

 

http://www.zooclub.ru/

Бул жаныбарлар жөнүндө мегаэнциклопедия, ал жерден жаныбарлар жөнүндө дээрлик бардык маалыматтарды табууга болот.

 

http://oel.bik.org.kg/

Бул интернет ресурс биология жөнүндө макалаларды, журналдарды. диссертацияларды жана рефераттарды камтыйт.

 

http://arabaev.kg/ru/uchebno-metodicheskiy-kompleks-po-napravleniyu-estestvenno-nauchnoe-obrazovanie-biologiya-himiya-fizika-geografiya-uchebnoe-posobie-dlya-vuzov/

Бул «Табигый-илимий билим берүү»: биология, химия, физика, география багыты боюнча окуу-усулдук комплекс «БИОМ» экологиялык кыймылы турмушка ашырып жаткан долбоордун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Билим берүү реформасы» программасынын колдоосу менен иштелип чыкты.

 

https://www.khanacademy.org/science/biology/bio-community-explanations

Бардыгы үчүн дүйнөлүк класстагы акысыз билим берүү. Сайттын ресурстары пайдалануучулардын бардык категорияларына жеткиликтүү. Китепкананын курамы математиканы, биология. химия жана физика сыяктуу табигый илимдерди, ошондой эле гуманитардык илимдерди, финансыны жана тарыхты камтыйт. Студенттер жана мектеп окуучулары Интернетке жеткиликтүүлүгү бар ар кандай компьютерден кеңири китепкананы, анын ичинде интерактивдүү маселелерди, баа берүүлөрдү жана видеону пайдалана алат.

 

https://twig-bilim.kz/mindmap/1506/biology/

Twig-Bilim – бул дүйнөлүк мыкты билим берүү ресурстарынын бири, аны дүйнөнүн 30 өлкөсүндө 13 тилде мектеп окуучулары пайдаланат. Ресурстун кызыктуу фильмдеринин жана башка окуу материалдарынын аркасында окуучулар физика, математика, химия, биология жана география боюнча эң татаал темалардын жөнөкөй жана жеткиликтүү түшүндүрмөлөрүн алат.