«Устат-3» долбооруна старт берилди

October 9, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу менен «Устат-3» долбоорун турмушка ашыруу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт, ал БУУ БКБ жүзөгө ашырып жаткан «Тынчтык жана ишеним: укук тартип жана сот адилеттик органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорунун компоненти болуп саналат.

 

Долбоорду турмушка ашыруу мезгили 6 ай, 2015-жылдын сентябрынан тартып 2016-жылдын мартына чейин.

 

Долбоордун максаты гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында менторлук/насаатчылыктын негизинде орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди чыңдоого жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.

 

Долбоорго ИИОнун тажрыйбалуу кызматкерлери, Кыргызстандын Милиционер аялдарынын ассоциациясынын мүчөлөрү катышат, алар Фонд министрликтин жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүзө турган кеңири үгүт-маалымат кампаниясынын процессинде тандалган 7 пилоттук облустук борбордо тандалган бүтүрүүчү класстардын (9-11-класстар) окуучу кыздары үчүн ментор/насаатчы болуп калат.

 

Бул долбоорду натыйжалуу турмушка ашыруу максатында 6-октябрда жолугушуу болуп өттү, ага «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун кызматкерлери, долбоордун эксперттери жана КР ИИМдин жана КР ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышты.

 

Жолугушуунун учурунда долбоордун максаттары жана милдеттери айтылды, кызматташтыктын маселелери талкууланды, ошондой эле КР ИИМ Академиясындагы окуу жөнүндө кыздардын начар маалымдар болгондугу жана бүтүндөй алганда, кыздардын укук коргоо органдарына тартуу жөнүндө көйгөйлөр козголду.