Чабандардын үй-бүлөсүндөгү 2,2 миңден ашык бала жайлоодогу балдар бакчаларында окуудан өттү

October 7, 2015, 06:00

Жайкы сезондун алкагында боз үйлөрдөгү 87 балдар бакчасында малчылардын үй-бүлөсүндөгү 2,2 миң бала мектепке чейинки билимге жеткиликтүүлүктү алды, деп билдиришти 6-октябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунда.

 

«Малчылардын үй-бүлөсүндөгү балдарга мектепке чейинки билимге жеткиликтүүлүктү алга илгерилетүү үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду «Жайлоодогу балдар бакчасы» долбоорун ишке ашырууну улантты жана 2015-жылдын жайкы сезонунда бүткүл өлкө боюнча 87 мобилдүү балдар бакчасын ачты. Бул үчүн балдарды өнүктүрүүгө бардык зарыл шарттар даярдалган, бул Кыргызстанда мектепке чейинки билим көйгөйүн чечүүгө кыйла салым кошууга жардам берет», деп айтылат билдирүүдө.

 

Июнь-августта жайлоодогу 87 балдар бакчасында мектепке чейинки билимге жеткиликтүүлүктү, алдын ала маалыматтар боюнча, чабандардын үй-бүлөсүндөгү 2,2 бала алды деп белгиленет.

 

Балдар үчүн оригами боюнча мастер-класстар, куурчак театрлары, спорт оюндары өткөрүлдү, фильмдер жана мультфильмдер, мобилдүү планетарий көрсөтүлдү, ата-энелер жана балдар үчүн таза тамак-аш боюнча тренингдер, ата-энелер үчүн үй-бүлөлүк бюджет боюнча тренинг, мобилдүү санариптик китепкана, Конфуций Институтунан мастер-класстар, хореография, этика, актердук чеберчилик, жылдыздар бөбөктөргө китеп окуусу, сүрөт тартуу, бийлер, кол өнөрчүлүк, Монтессори ыкмасы боюнча сүрөт тартуу өткөрүлдү.

 

«Ошондой эле жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн чет өлкөлүк волотерлордон мастер-класстар уюштурулду, алардын жүрүшүндө балдар тилди үйрөнүп жана ар кандай өлкөлөрдүн маданияты менен тааныша алды», – деп айтышты уюштуруучулар.

 

Уюмда белгилегендей, 8-октябрда «Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» долбоору боюнча отчеттук чогулуш өтөт.

 

CA-NEWS (KG)