Белгилүү адамдардан жаштарга ийгилик формула

October 9, 2015, 06:00

Белгилүү адамдар ийгилик формуласын жаштар менен бөлүштү. Аймактардан келген мектеп окуучуларына экс президент Роза Отунбаева тил үйрөнүүгө чакырса, бийчи Атай Өмүрзаков кыялды 6 жыл алдыга коюу керек деди.


Ийгиликке жетишкен инсандар. Ал бир гана коомчулукта эмес, өзгөчө жаштар үчүн анын орду чоң. Буга чейин аларды сыналгылардан көрүп келсе, эми жакындан көрүп маектешүүгө мүмкүнчүлүк болду. Бириккен улуттар уюму «Ийгилик жол» аттуу жаштардын улуттук жолугушуусун уюштурду. Ага 14-16 жашка чейинки аймактардан окуучулар келди. Кыргыз Республикасынын экс президенти Роза Отунбаева, Учкуч-космонавт Салижан Сарипов жана бийчи Атай Өмүрзаковдор өз ийгилик жолун балдарга тааныштырды. Анда Атай Өмүрзаков балдарды максатты бийик коюп, планды 6 жыл алдыга түзүүгө чакырды. Ошондо максатыңа жетүү үчүн күнүнө 6 сааттан алектенсең ийгилик 100 пайыз келе турганына ишендирип кетти.

 

Бирок жаштар келген конокторго көбүнчө саясат жаатында суроолорду узатышты. Мындай суроо көбүнчө экс-президентке берилди. Бул жагдайды Роза Отунбаева «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдөгү акыркы кырдаалдар өз таасирин бербей койгон жок, деди.


Жолугушууга ар бир райондон 2 гана окуучуга мүмкүнчүлүк берилди. Жалал-Абаддан келген Канатка үчүн орду чоң. Анткени, мурунку президентти буга чейин сыналгылардан гана көрүп келген. Бүгүн ал өзүнүн суроосун берди.

 

Ал эми, учкуч космонавт Салижан Шарипов балдар менен 3 саат маектешти. Бирок айылдардагы балдардын билим деңгээли төмөндүгүн байкаган. Мүмкүнчүлүк болсо, да билимге умтулуу жок. Өз кезинде өзүнүн окуучулук күндөрүн эстеп, жашынып жууркан ичинде китеп окуганбыз дейт.


«Мен өзүмдүн бала кезимди эстейм. Албетте азыркы окуучуларда билимге умтулуу жок. Билим жетишсиз. Мүмкүнчүлүк болгонуна карабастан төмөн. Алар көп убактыларын пайдасыз оюн жана социалдык тармактарга жоготууда. Буга мен капамын.»


Эскертек кетсек, бул долбоорду БУУ 3 жыл аймактардан баштап жүргүзмөкчү.

 

 Автор: Чолпон Бейшелен кызы

http://www.maralfm.kg