«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кыргыз тилинде «Өмүрү өрнөк инсандар» китептеринин сериясын чыгарат

October 2, 2015, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кыргыз тилинде «Өмүрү өрнөк инсандар» китептеринин сериясын чыгарат. Бул жөнүндө 30-сентябрда «Менин атам Ден Сяопин» китебинин презентациясында Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.

 

Анын айтымы боюнча, «Менин атам Ден Сяопин» китеби – ушул сериядагы биринчи китеп.

 

«Бул китептин котормосу жагынан Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин жана Эсенбай Нурушев сыяктуу белгилүү котормочулар жана тарыхчылар иштеди. Азыр алар Махатмы Гандинин «Мен акыйатты издейм» китебин которуп жатышат. Биздин окурмандарыбыз ушундай китептерге муктаж», – деп айтты ал.

 

Ал дүйнөлүк лидерлер жөнүндө кыргыз тилинде китептерди чыгаруу улантыла берет деп белгиледи.

 

«Биз биринчи булак болуп калууга тийишпиз. Бул биз үчүн өтө маанилүү», деп жыйынтыктады ал.