Фонддун 2015-жылдын октябрь айына иш-чараларынын дайджести

October 7, 2015, 06:00

 

ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ДАЙДЖЕСТИ

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

 

2015-жылдын ОКТЯБРЫ



 

3-октябрь «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы

Өткөрүү убактысы:  10-00дөн 12-00гө чейин

Өткөрүү орду:  «Раритет» китеп дүкөнү, Чүй пр., 271-үй

Бул акция чоң кишилер балдарга китеп окуп берүүсүн даңазалоо, китеп окууга үйрөтүү жана кенже куракта китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүнү камтыйт.

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

7-октябрь - "Аракет" дискуссиялык клубу

Өткөрүү убактысы: 18- 00

Өткөрүү орду:  "Сиерра" Таш Рабат кафеси

Төмөнкүдөй темаларга "Аракет" дискуссиялык клубу: "Мекендештер" форумунун алкагында "Кыргызстанда жеңил өнөр жайын өнүктүрүү".

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 663538

 

 

8-октябрь «Жайлоодогу балдар бакчалары – балдарды өнүктүрүү борборлору» долбоору боюнча жыйынтык жыйын

Өткөрүү убактысы: 9:00дөн 14:00гө чейин

Өткөрүү орду:  Соң-Көл рестораны

«Жайлоодогу балдар бакчалары – 2015» жыйынтыктарын чыгаруу, презентациялар, расмий адамдардын сөз сүйлөөсү, видеороликтерди, фотосүрөттөрдү көрсөтүү, ыраазычылык каттарын тапшыруу. Конкурс боюнча тапшыруу: 1-орун боз үй, 2-орундан тартып 12 орунга чейин чет өлкөгө саякат. 80 адам чакырылган. Долбоордун келечектерин талкуулоо.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

10-, 24-октябрь – «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы 

Өткөрүү убактысы: 11-00

Өткөрүү орду:  «Раритет» китеп дүкөнү, Чүй пр., 271-үй

Бул акция чоң кишилер балдарга китеп окуп берүүсүн даңазалоо, китеп окууга үйрөтүү жана кенже куракта китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүнү камтыйт.

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

15-октябрь «Ачык билим берүү ресурстары» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын инновациялык мектептери боюнча журналисттер үчүн пресс-тур 

Кошумча маалыматы бар маалыматтык кат ЖМКга жөнөтүлөт.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66 03 82, 0550 32 88 68, 0555 75 70 96

 

 

17-октябрь «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы Ысык-Көл облусунда

Өткөрүү убактысы: 11-00 

Бул акция чоң кишилер балдарга китеп окуп берүүсүн даңазалоо, китеп окууга үйрөтүү жана кенже куракта китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында коомдук жерлерде жана балдар мекемелеринде балдарга үн чыгарып китеп окуу иш-чараларын жана акцияларын, ошондой эле маданий дөөлөттөрдү жана салттарды сактоо жана урматтоо максатында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүнү камтыйт.

Каалагандардын бардыгы чакырылат, кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

"Эко-сэлфи" конкурсу 20-октябрга чейин улантылат

Өзүңдүн асыл ишиңдин же анын натыйжасынын фонундагы селфи (өзүңдүң фотоң) жана смартфон утуп ал (ишембилик, көчөттөрдү отургузуу, аймакты жашылдандыруу, короону жыйноо жана көптөгөн башкалар)

Конкурс «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында уюштурулган.

Конкурстун жеңүүчүлөрү байгелер менен сыйланат.

Конкурска катышууну каалагандандын бардыгына жол ачык.

Конкурстун шарттары жөнүндө www.festival.roza.kg сайтынан кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

"Эко-фотоаңчылыцк" конкурсу 20-октябрга чейин улантылат

"Экологиялык фотоаңчылык" – бул ар бир фотограф (кесипкөй же ышкыбоз) сунуш кылынган темаларга өзүнүн түшүнүгүн/көз карашын билдирип жана фотоаппаратты утуп ала турган аянтча.

Конкурска катышууну каалагандандын бардыгына жол ачык.

Конкурстун шарттары жөнүндө www.festival.roza.kg сайтынан кең-кесири билүүгө болот.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-68, 0550 328899

 

 

23-24-октябрь Музыкалык терапия боюнча семинар

Өткөрүү убактысы: 9-00дөн 17-00гө чейин

Өткөрүү орду кошумча маалымдалат.

Бардык психологдорду, педагогдорду, музыканттарды музыкалык терапия боюнча семинарга чакырабыз.

Кыргызстанда биринчи семинарды Германиянын белгилүү музыкалык терапевттеринин бири, даңкы анын чегинен алыска тараган доктор Ханс-Хельмут Деккер-Фогт өткөрөт. Музыкалык терапия медицина жагынан гана эмес, ошондой эле психология, педагогика жагынан дарылоо жана реабилитациялоо үчүн кеңири колдонулат. Баланын жана чоң кишинин чыгармачыл потенциалын ачуу, көйгөйлөрдү жеңе билүүгө, күчүн калыбына келтирүүгө, ден соолукта болууга жардам берүү – ушунун бардыгы музыкалык терапияны колдонуу спектри.

Германиянын жана башка өлкөлөрдүн музыкалык терапевттери – булар жакшы ак төлөнүүчү жана кадыр-барктуу кесип. Семинардын угуучусу болуу менен Сиз билимдерге жана, балким, келечектеги кесипке же кошумча адистикке ээ болосуз.

Угуучуларга талаптар  музыкалык аспапта ойной билүү же вокалдык жөндөм.

 Акы - 2000 сом. 

Маалымкаттар жана суроолор төмөнкү телефондор боюнча: 49 19 55 (Кристина), 66 03 84 (Асель)

 

 

29-30-октябрь - «Устат-3» долбоорунун ачылышы

Өткөрүү орду: Бишкек шаары, «Достук» мейманканасынын конференц-залы

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду үчүнчү «Устат» ментордук/насаатчылык долбоорун турмушка ашырууну баштайт.

Бул жолу долбоордун максаты төмөнкүлөр болуп саналат: Гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында менторлук/насаатчылыктын негизинде орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди чыңдоого жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга көмөктөшүү. Долбоордун узактагынын мезгили 6 ай (2015-жылдын сентябры – 2016-жылдын марты)

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 66-03-82 , 0555 00 74 43, 0555 75 70 96



30-октябрь - «ТазаБИШ» (Таза Бишкек) эко-акциясы

Акциянын максаты – сырттан карап байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатуу.

Каалагандардын бардыгы чакырылат.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg



30-октябрь - «Жайлоодогу балдар бакчалары – балдарды өнүктүрүү борборлору» жана «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоорлорунун алкагында “Баткен достук калаасы” фестивалы

Өткөрүү убактысы: 9:30дан 17:00гө чейин

Өткөрүү орду: Баткен облусу, Баткен району, Баткен шаары. Музыкалык-драма театры

“Баткен достук калаасы” фестивалы – «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоорунун болуп өткөн концерттеринен мыкты номерлерди көрсөтүү, балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстар. Мультфильмдерди көрсөтүү. Фестивалга Тажикстандан (чектеш калктуу конуштардан) балдардын келеши. Фестивалдын максаты – этностор аралык сабырдуулукту пропагандалоо, көп түрдүүлүк жана өсүп келаткан муунду достук жана биримдик духунда тарбиялоо аркылуу Баткен облусунда этностор аралык ынтымакты чыңдоого көмөктөшүү.

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 0552 600 738, 0556 54 91 54 e-mail: asanasyl@gmail.com s.arstanbek@gmail.com

 

 

Эко-долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

Өткөрүү датасы, убактысы жана орду такталып жатат.

Лекторий экология, биология, химия жана география мугалимдери үчүн уюштурулат. Темасы "Жашыл класстар"

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

«Билим кербени: Эко долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»

Өткөрүү датасы, убактысы жана орду такталып жатат.

Тема "Экологиялык билимдер"

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660368, 0550 328899 bilimfest2@roza.kg

 

 

31-октябрь «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында «Айтматовду окуйбуз»

Өткөрүү орду:  Ч.Айтматов атындагы китепкана

Өткөрүү убактысы: 11-00

Кирүү акысыз.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0550776627

 

 

Апта сайын жума күндөрү - «Гений» радиоберүүсү

Убактысы:  13-30дан 14-00гө чейин

Кайда«Биринчи Радио» (FM 104. 1 жыштыгынан же www.ktrk.kg онлайн угууга болот)

Жума сайын программанын алып баруучулары Гүлзада Медералиева менен Асылбек Жоодонбеков меймандар менен бирге билим берүүгө жана тарбиялоого тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулайт.

Маалымат төмөнкү телефон боюнча: 0552 600 738, e-mail: asanasyl@gmail.com 

 

 

Жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун директорлору үчүн «Директорий» курсу

Курс төрт тренингден турат, алардын ар бири өзүнчө теманы камтыйт. Машыктыруучу – Мария Миркес, Красноярск, Россия. Мария – антропоника мектебинин жетекчиси, бүткүл Россия боюнча жетекчилер үчүн курстарды өткөрөт. Россиядагы «Директорий» курсунан өткөн балдар бакчалары өз региондорунда мыкты билим берүү уюмдары болуп калат.

Урматтуу жеке балдар бакчаларынын жана борборлорунун жетекчилерин, ошондой эле өзүнүн балдар бакчасын же борборун ачууну каалагандарды Директорий курсунан өтүүгө чакырабыз, ал квалификацияны жогорулатуу жана мектепке чейинки жеке балдар уюмдарын башкаруу деңгээлин күчөтүү үчүн атайын түзүлгөн. Атаандаштыктын шартында Сиздин балдар бакчаңыз же борборуңуз эмне жасай алат, башкаруу ыкмалары, бюджет, персонал жөнүндө эң маанилүү кеңештер – ушулардын бардыгы менен Сиз тренингдерде тааныша аласыз.

Эки күндүк бир тренингдин наркы – 7000 сом. Алдын ала төлөө менен жазылуу керек. 

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-84, 0772 800 376

 

 

"Музыка – элдин жан-дүйнөсү": тажик музыкалык маданиятынын концерти

Өткөрүү датасы жана убактысы кошумча маалымдалат.

Өткөрүү орду: Консерватория (Жантөшев көчөсү 115. Совет көчөсү менен кесилиште) 

Бардыгын октябрда өтө турган тажик музыкалык маданиятынын концертине чакырабыз. Концерт «Музыка – элдин жан-дүйнөсү» долбоорунун алкагында, ПРООНдун жана ЮНЕСКОнун колдоосу менен өтөт.

Кирүү акысыз. 

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 660 382, 0772 800 376

 

 

Бир ай бою өлкөнүн облустарында: «КРда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо» темасындагы тренингдер өтөт

«КРда мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик программаны алга илгерилетүү» долбоорунун алкагында өлкөнүн облустарында «КРда мектеп тамак-ашынын мамлекеттик саясатын алга илгерилетүүдө жергиликтүү жамааттарды мобилизациялоо» темасындагы тренингдер өтөт.

 

Ош облусу Өзгөн - 1, Алай - 1 , Ноокат райондорунда - 1.

Жалал-Абад облусу Аксы - 3 , Чаткал -1 , Ноокен райондорунда - 1.

Баткен облусу Кадамжай -2 , Лейлек - 1 , Баткен райондорунда -1.

Нарын облусу Жумгал районунда.

Ысык-Көл облусунда Түп районунда.

Чүй облусу Панфилов районунда. 

Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, СЭСтин өкүлдөрү, мектептердин директорлору, мектептердин камкорчу кеңештери, ата-энелер, ата-энелер комитеттери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, активисттер, ишкерликтин өкүлдөрү үчүн 15 окутуучу.

Маалымат төмөнкү телефондор боюнча: 66-03-84, 0772328807