«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт»: балдар жазуучусу Бурул Асакеева

September 28, 2015, 06:00

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун долбоору, ал үй-бүлөлүк китеп окууга көңүл бурууга багытталган.

 

«Раритет» китеп дүкөнүнүн жайлуу залында театрдын, эстраданын, кинонун, саясаттын белгилүү «жылдыздары» балдарды дүйнөлүк жана ата-мекендик адабияттын бала кезден сүйүктүү чыгармалары менен тааныштырат.

 

26-сентябрда «Раритет» китеп дүкөнүндө кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы болуп өттү. Биздин жылдызыбыз балдар жазуучусу Бурул Асакеева болду, ал балдарга өзүнүн ырларын жана аңгемелерин окуп берди.

 

Бул жолугушуулар балдарга жана ата-энелерге Кыргызстандын белгилүү адамдары менен жакындан таанышууга гана эмес, ошондой эле китепти бирге талкуулоого, суроо берүүгө, китепти сүйгөн жаңы досторду табууга мүмкүндүк берет.