Өкмөттө Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйналышы болуп өттү

September 29, 2015, 06:00

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 28-сентябрда Чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйналышын өткөрдү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кеңештин ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдө жашаган, КРнын Германиядагы, Кореядагы, Россиядагы, Америка Кошмо Штаттарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен макулдашуу боюнча коомдук бирикмелер тарабынан көрсөтүлгөн мекендештер жана башкалар катышты.

 

Жыйналыштын жүрүшүндө 2015-2016-жылдарга Кеңештин иш программасынын долбоору, КР мамлекеттик органдарынын чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенүүсүнүн чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалдын баяндамасы талкууланды.

 

Экономиканын секторлору, тармактык жана региондук артыкчылыктар боюнча Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды, мамлекеттик органдардын жана чет өлкөлөрдөгү мекендештердин өз ара аракеттенүүсү менен байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.