Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

September 28, 2015, 06:00

Өткөн ишембиде, 26-сентябрда, № 70 гимназия мектебинде "Таалим-Форум" коомдук фондунун директору Алмагуль Осмонова Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекция өткөрдү. Лекторийдин темасы – Пластик менен булгануунун көйгөйлөрү.

 

Лекциянын катышуучулары 94 адам болду – алар Бишкек шаарынын 94 мектебинен башталгыч класстардын мугалимдери жана директорлордун орун басарлары.

 

Экология боюнча лекторийди «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы кызматташтыкта жана "Таалим-Форум" коомдук фондунун катышуусу менен уюштурду.

 

Мугалимдер үчүн бул лекторий «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

 

Лекторийдин максаты экологиялык маданиятты жана экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, ошондой эле сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана экологиялык жоопкерчилик сезимин тарбиялоо болуп саналат.